СТУДЕНТТЕР САНАРИП ТУРИСТТИК ПЛАТФОРМАЛАРДА ИШТЕГЕНДИ ҮЙРӨНҮШТҮ

  • 05.12.2022
  • 0

2-декабрда К.Тыныстанов атындагы КМУнун #DigiKonush санарип көндүмдөр борборунда «Аялдар арасында ишкердүүлүктү өнүктүрүү фонду» @shestartskg коомдук бирикмеси «Жаштардын бирдей экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн жана туруктуулугун илгерилетүү – «Санарип Инсан» долбоорунун алкагында “Негизги санариптик көндүмдөр жана санарип туристик платформаларда иштөө” боюнча жаштар жана аялдар үчүн тренинг өттү.

СТУДЕНТТЕР САНАРИП ТУРИСТТИК ПЛАТФОРМАЛАРДА ИШТЕГЕНДИ ҮЙРӨНҮШТҮ

Тренингдин алкагында катышуучулар:

  • Instagram, Tik Tok, Facebook социалдык тармактарын, Google My Business жана Whatsapp, Telegram мессенджерлерин бизнесте эффективдүү колдонууну;
  • Google.com, 2ГИС карталарын колдонуу жана ага катталууну;
  • TripAdvisor.com аянтчасында аккаунттарды ачуу, Shelter PMS, Edelweiss, Fidelio сыяктуу мейманканалардын автоматтык системаларын жана WebPMS Travelline мейманкананы башкаруу системасын алып барууну үйрөнө алышты.

Бөлүшүү

Комментарийлер