ЖОЖдордо ЖАЗГЫ СЕМЕСТР ГИБРИДДИК ФОРМАДА БАШТАЛАТ

  • 13.01.2021
  • 0

Жогорку жана орто кесиптик окуу жайлары кышкы каникулдан кийин окутууну гибриддик (аралаш) формада баштайт. Жазгы семестр февраль айында башталат. Даярдоонун бардык багыттары жана адистиктери боюнча бүтүрүүчү курстардын студенттери жана магистранттары, медициналык адистиктердин студенттери гана толугу менен реалдуу режимде окуйт.

 Бул тууралуу бүгүн Билим берүү жана илим министрлигинде өткөн маалымат жыйынында министрдин орун басары  Омуров Нурлан билдирди. Жазгы семестрди баштоо үчүн атайын алгоритм иштелип чыккан. Толугу менен окуунун офлайн режимине өтүү  эпидемиологиялык кырдаалга жараша болот. Эгерде мамлекетте кырдаал жакшыра турган болсо студенттердин баардыгы кадимки режимде окушат. Эгерде тескерисичне боло турган болсо гибриддик формада эмес кайрадан аралыктан окууга өтүшү дагы толук ыктымал.

Бөлүшүү

Комментарийлер