СТРАТЕГИЯЛЫК МАКСАТТАРДАН БЮДЖЕТТИК МИЛДЕТТЕНМЕЛЕРГЕ

  • 09.12.2020
  • 0

8-декабрда Билим берүү жана илим министрлигинде «Стратегиялык максаттардан бюджеттик милдеттенмелерге» аталышындагы тегерек стол болуп өттү.

Тегерек столдун максаты – мектепке чейинки  секторду каржылоого сереп салуу жана  аны талкуулоо. Тегерек столго Билим берүү жана илим министрлигинин, Бишкек шаардык Билим берүү башкармалыгынын, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн адистери жана ЮНИСЕФтин өкүлдөрү катышышты.

ЮНИСЕФтин консультанты Жамиля Сопукеева «Мектепке чейинки билим берүүдөгү стратегиялык пландаштыруу жана бюджеттик колдоо» презентациясында мектепке чейинки билим берүүнү бюджеттик пландаштыруу менен катышуучуларды тааныштырды. Катышуучулар стратегиялык каржылык пландаштыруу, статистикалык маалымат жана мектепке чейинки билим берүү секторун каржылоо механизмдерин талкуулашты.

КР ББИМдин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер