STEM ПРЕДМЕТТЕРИ БОЮНЧА ЖАҢЫ ПРЕДМЕТТИК СТАНДАРТТАР ИШТЕЛИП ЧЫКТЫ
- 15.05.2025
- 0
STEM багытындагы предметтер – математика, физика, химия, биология, информатика жана география боюнча жаңыланган предметтик стандарттар иштелип чыкты.
Бул ишти Кыргыз билим берүү академиясы (КББА) координациялаган. Ишке өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген 37 эксперт катышкан, алардын арасында КББАнын илимий кызматкерлери, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо боюнча Республикалык институттун адистери жана чоң тажрыйбасы бар мугалим-практиктер болгон.
Жаңы стандарттардын долбоорлору КББАнын илимий кеңешинде каралып, учурда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясына бекитүүгө жөнөтүлдү.
STEM предметтеринин мазмунун жаңылоонун максаты – замандын талаптарына жооп берген жана окуучуларды реалдуу жашоого, эмгекке даярдаган окутуу ыкмаларын калыптандыруу.
Комментарийлер