ӨСПҮРҮМДӨРДҮН ӨЗҮН-ӨЗҮ ӨНҮКТҮРҮҮСҮНӨ САЛЫМ КОШКОН КУРС

  • 29.08.2022
  • 0

Билим берүү министрлигинин Басма сөз кызматынын маалыматына караганда жакында Бишкек шаарында Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен “Youth of Osh” жана Кыргызстандагы Хельветас коомдук уюму тарабынан уюштурулган “Өспүрүмдөрдүн өзүн-өзү таануу жана өнүктүрүү” боюнча окуу курсу болуп өттү.

 

Уюштуруучулардын айтуусунда, курстун максаты окуучулардын өзүн-өзү таануусу жана инсан катары калыптанышын, анын көз карашына, дүйнө таанымына, жөндөмдүүлүгүнүн калыптанышына салым кошуу, ошондой эле муундардын ортосундагы байланышты түзүү аркылуу коомдогу туруктуулукту камсыз кылуу болуп эсептелет.

Билим берүү министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов белгилегендей, жаштарды тарбиялоону жана педагогикалык практиканы өркүндөтүү милдеттерин ишке ашыруу максатында, класстык сааттарды өткөрүү боюнча бир катар окуу куралдары/колдонмолору иштелип чыккан. Тренингтерге Кыргыз билим берүү академиясынын, РПККжКДдин, областтык билим берүү институттарынын жана республиканын методикалык борборлорунун кызматкерлери катышты.

Маалымат үчүн айта кетсек, «Youth of Osh» коомдук бирикмеси жаштардын сапаттуу жашоосу жана өнүгүүсү үчүн билим жана көндүмдөрдү алууга жардам берген прогрессивдүү жаштар уюму Кыргызстанда 14 жылдан ашык убакыттан бери жигердүү иштеп келет.

А.АЛИБЕКОВ, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер