ӨСПҮРҮМДӨРДҮН ӨКСҮГҮН СПОРТ МЕНЕН ТОЛУКТОО КЕРЕК

  • 26.04.2019
  • 0

ӨСПҮРҮМДӨРДҮН ӨКСҮГҮН СПОРТ МЕНЕН ТОЛУКТОО КЕРЕК

“Мен айрыкча чет жактарда жашаган жаш өспүрүмдөрдүн спортко кызыгуусун кош колдоп колдойм, анткени өзүм дагы карапайым, көп балалуу үй-бүлөдө чоңойгом” деди, Кыргызстандын футбол боюнча аялдар курама командасынын мүчөсү, спорт чебери Айдана Оторбаева, 23-апрелде борбор калаабыздагы Жашы жетелек өспүрүмдөрдүн укук бузууларын алдын-алуу борборунда өткөн жолугушууда.

Жашы жете элек балдарды спортту сүйүүгө, саламат жашоого үндөө максатын көздөгөн жолугушууга келген спорт чебери Бишкек шаарындагы №18 мектептин жаш спортчулары менен Аламүдүн районундагы Маевка орто мектебинин окуучуларынын чакан футбол боюнча беттешүүсүнө күбө болду. Ушундай жолугушууларга жан дили менен келерин айткан Айдана окуучуларга өзүнүн спорттогу жетишкендиктерин айтып берүү менен бирге, спорт ден соолукту чыңдап, патриоттук сезимди өстүрөрүн, андыктан ар дайым спорт менен машыгуу керектигин баса белгилеп өттү.

— Мен эч качан жаш муундардын келечегине кайдигер карабайм, андыктан билгендерим менен чын дилимден бөлүшөм. Айрыкча борбордон четирээк жашаган балдар колдоого, көңүл бурууга көбүрөөк муктаж экенин жакшы билем. Баарыңарды спорт менен жаш кезиңден тарта достошууга үндөп кетмекчимин. Анткени мен өзүм да сегиз жашымдан бери эле спорт менен машыгым келем. Ийгиликтерим жаман эмес, Кыргызстан аялдарынын улуттук курама командасынын оюнчусумун, Европанын Испания командасында ойнойм, бир нече жолу мыкты оюнчу катары таанылгам. Жаштарга эң биринчи жакшы адам болууга умтулгула, өзүңөргө бекем ишенгиле, эмгекти сүйгүлө деген кеңеш айтар элем,-деди Айдана Оторбаева.

Кыргызстанда 45 миң бала ата-энесинин кароосунан тышкары калган

Жолугушууга келген КР ИИМнин жаш өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Азамат Абдрахманов жер-жерлерде уюштурулуп жаткан ушундай иш-чаралар балдардын спортко кызыгуусун гана ойготпостон, кылмыштарга аралашпай, түз жолдо жүрүүсүнө өбөлгө түзөрүн белгиледи.

— Жашы жете элек өспүрүмдөрдүн кылмыштуулукка аралашуусун алдын-алуу жана аларды спортко тартуу максатында жер-жерлерде ушундай иш-чараларды уюштуруу тапшырмаларын берип жатабыз. Айрыкча ушундай жайларда таасирдүү болот деп ойлойбуз. Спорттук мелдештерди уюштуруу учурунда балдардын ден соолугун чыңдоо менен бирге, милиция менен диалог түзүүгө, кылмыштуулук көрсөткүчүн азайтууга жетишип жатабыз. Алсак, статистика боюнча 2018-жылы жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулук деңгээли өсүп кеткен. Жыл башынан бери ушундай ар түрдүү спорттук мелдештерди, акцияларды күчөтүп өткөрүүнү колго алганбыз. Тилекке жараша, кылмыштуулук деңгээли 26% азайды. Азыр күн жылый баштаса, ар түрдүү сынактарды, “Зарница” оюндарын, “Милициянын жаш досу” ж.б. мелдештерди уюштуруп, жаратылышка чыгуу жүрүштөрүн уюштура баштайбыз. Мисалы, бир лекция өтүп, андан соң ушундай спорттук мелдештерди өткөрүп турсак, кыйла таасирдүү болууда”-деди А.Абдрахманов.

Азамат Абдрахмановдун билдирген маалыматы боюнча Кыргызстанда үч айдын ичинде 45 миң бала ата-энесинин кароосунан тышкары калганы аныкталган. Курамына милиция кызматкери, мугалим, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ж.б. жооптуу адамдар кирген атайын топ ар бир короого кирип, ал үй-бүлөдөгү балдар учурда ким менен жашап жатканын аныктап чыккан.

— Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда азыркы учурда 45 миң бала ата-энеси менен эмес, жакындарынын колунда жашайт. Ал балдардын көбү жашы улгайган, бала кароого жараксыз кары-картаңдар менен калгандыктан, аларды көчө балдарына айланбайт деп ким кепилдик бере алат?! Балдардын келечегине кайдигер карабайлы десек, аларга учурунда түз жол көрсөтүп, убактыбызды, акыл-насаатыбызды, керек болсо каражатыбызды аябашыбыз керек. Чындыгында демөөрчүлөрдү табуу оңой эмес. Мисалы, бүгүнкү спорттук жолугушууну чакан бизнеси бар катардагы эле бир үй-бүлө каржылады. Дагы кызматташууну каалоочулар болсо, кош колдоп кабыл алабыз. Анткени балдардын ойноп турганын көргөндөн артык кубаныч жок,-деди Азамат мырза.

Спорттук мелдеште биринчи жана экинчи орунду Бишкек шаарындагы №18 мектептин командасы, ал эми үчүнчү байгелүү орунду Аламүдүн районундагы Маевка орто мектебинин кыздар командасы ээлешти. Жеңүүчүлөрдүн баарына дипломдор, баалуу белектер тапшырылды. Мелдештин жүрүшүндө “Мыкты вратарь”, “Мыкты чабуулчу” жана “Мыкты коргонуучулар” аныкталышып, аларга да баалуу белектер ыйгарылды.

Мелдештин жүрүшүндө балдар үчүн экскурсия уюштурулуп, алар борбордун кызматкерлеринин иштери менен жакындан таанышып, эстеликке сүрөткө түшүштү.

Айнагүл Кашыбаева,

“Кут Билим”   

Бөлүшүү

Комментарийлер