ӨСПҮРҮМ АРАСЫНДАГЫ ВОЛЕЙБОЛ ЛИГАСЫНЫН ЭКИНЧИ ЭТАБЫНДА КЫЗДАР АЛДЫГА ЧЫГЫШТЫ

  • 10.01.2018
  • 0

Каракол шаарынын кыздары өспүрүмдөр арасындагы волейбол лигасынын экинчи этабында алдыга чыгышты. Бул тууралуу машыктыруучу Тимур Асеинов билдирди.

ӨСПҮРҮМ АРАСЫНДАГЫ ВОЛЕЙБОЛ ЛИГАСЫНЫН ЭКИНЧИ ЭТАБЫНДА КЫЗДАР АЛДЫГА ЧЫГЫШТЫ

Анын айтымында, мелдеш Кара-Балта шаарында 3-7-январь күндөрү өткөрүлдү. Анда Караколдун «Жаштык» командасы 29 упай менен биринчи орунга чыгышты.

  • Биздин кыздар беш команданын ичинен биринчи болушту. Волейбол боюнча лиганын биринчи туру Токмок шаарында болгон. Эми акыркы этабы март айында болуп, чемпиондор аныкталат, — дейт ал.

 

«Жаштык» командасында 10 кыз ойнойт. Алардын кенжеси 6-класста, улуусу 11-класста окушат.

Бөлүшүү

Комментарийлер