СОВЕТ ДООРУНДАГЫ КЫРГЫЗ ЖУРНАЛИСТИКАСЫ

  • 27.10.2023
  • 0

СОВЕТ ДООРУНДАГЫ КЫРГЫЗ ЖУРНАЛИСТИКАСЫ

Гезиттер-цивилизациясынын эң эле улуу күчү. Алар согуштарды жарыялашат, саясатчыларды дайындашат жана аларды кайра бошотуп турушат.

Ульям Рандольф Херст,
(1863 – 1951)  америкалык гезит магнаты

Кыргызстандын учурдагы жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) азыр дүйнөдө жүрүп жаткан кескин өзгөрүштөрдүн өңүтүндө жашап жатат. Глобалдык маалымат мейкиндигинин түзүлүшү — бүтүндөй ааламды өзгөртүп, бизге коммуникациянын жаңы талаптары менен тартиптерин таңуулоодо. Эл аралык маалыматтык мейкиндиктин калыптанышы — англиялык атактуу философ Френсис Бэкондун мындан төрт жүз жыл илгери: “Ким маалыматка ээлик кылса, ал  дүйнөгө ээлик кылат”, — деген көрөгөчтүк сөзү сапаттык жаңы мааниге ээ болуп калды. Эгерим дүйнөлүк журналистика өзүнүн эң адепки кадамынан ушул маалдагы мартабасына чейин 5550 жылдан да артык жолду басып өтсө, биздин ЖМКлар совет заманында гана жаралып, калыптануу менен, өзүнүн бүгүнкү деңгээлине жетип отурат. Ал жалпы советтик басма сөз менен ажырагыс бирдикте эриш-аркак кадам шилтеп, өсүп-өнүктү жана өркүндөдү.

 

Ата мекендик журналистикабыздын тарыхы 1927-жылы, 7-ноябрда, Октябрь рволюциясынын жети жылдыгына карата, Ташкен шаарында, араб ариби менен, 1032 нускада гана басылып чыккан улутубуздун тун гезити – “Эркин-Тоодон” башталган. Ал тапта кырыздын бир дагы кесипкөй журналисти жана басма адиси болбогондуктан, аны жарыкка чыгаруу кыйла кыйынчылыктар менен коштолгон.  Гезиттин  эмгек жамааты болгону, беш-дилгир, жөндөмдүү, намыскөй атуулдардан турган. Алар: О.Алиев — башкы редактор, К.Карачев – жооптуу катчы, К.Карасаев, М.Салихов, М.Акматов – адабий кызматкерлер жана корректор эле.  “Эркин -Тоо” калкыбыздын турмушунда зор роль ойноп, тарыхый окуяга айланды. 1927-жылдын декабрында анын редакциясы Пишпекке көчүп келип, адегенде  латын,  кийин  орус алфавитинде чыга баштаган. Мына, ошондон баштап, “Батрацкая правда (азыркы – “Слово Кыргызстана”), “Ленинчил жаш”, “Жаңы маданият жолунда”, “Комсомолец Киргизии” гезиттери, “Дыйкан”, “Коммунист” журналдары чыга баштаган.

1926-жылы  “Кызыл учкун” адабий бирикмеси уюштурулуп, ага улуттук басма сөз,  маданият, адабият, көркөм өнөрүбүздүн алгачкы карлыгачтары: А.Токомбаев, К.Баялинов, М.Элебаев, Ж.Турусбеков, Ж.Жамгырчиев, Ж.Бөкөнбаев, С.Сасыкбаев, К.Маликов өңдүү  таланттуу жаштар кошулушкан. Бара-бара, басылмалар жана анда эмгектенишкен журналисттердин,  жумушчу-дыйкан кабарчылардын катарлары арбып, алардын коомчулук менен эмгекчилердин арасындагы кадыр — баркы көтөрүлө берген.

1927-жылдын 20-августунда партиянын Кыргыз облустук комитетинин чечимине ылайык, “Эркин-Тоо” – “Кызыл Кыргызстанга” өзгөртүлүп, 1956-жылга чейин басылып келген. Кийин, “Советтик Кыргызстан” деген аталышта Совет мамлекети ыдыраганга чейин өмүр сүрдү.

Мен өзүм 1986-1993-жылдары анын башкы редактору, бир эле мезгилде, КР Журналисттер кошунунун төргасы, СССР журналисттер союзунун башкармалыгынын катчысы (коомдук башталмада) болуп иштедим. Албетте, Союздун ыдыраганына байланыштуу гезиттин атын кайрадан жаңылантуунун зарылдыгы келип чыкты. Буга байланыштуу, Кыргызстан компартиясынын борбордук комитетинин жетекчилиги мени чакырып, мындан ары гезитти “Кыргызстан акыйкаты” деп атайсыңар деген көрсөтмө берди. Бирок мен буга көнбөстөн, редакциянын эмгек жамаатынын чечими аркылуу, анын бүгүнкү “Кыргыз Туусу” деген аталышын өзүмдүн буйругум менен биротоло бекитип таштагам.

Совет бийлигинин баштапкы жылдарындагы биздин гезит-журналдарыбыз жаңы замандын маани-маңызын, түпкү максаттарын элге түшүндүрүү, аны даңазалоо, колдоо, жайылтууда өтө күчтүү үгүт-насыяттык, уюштуруучулук ишмердикти жүргүзүштү. Алар калайык-калктын, бөтөнчө, жаштардын кат сабатсыздыгын жоюу, окутуп, билим берүү, агартуу иштерин кеңири жайылтууга өзгөчө көңүл бөлүштү. Муну менен бирге, эскинин, диний ишенимдерин калдыктарына каршы күрөшүү, советтик жаңы үрп-адаттарды, маданиятты жайылтуу, аялдардын теңчилдигин коргоо сыяктуу олуттуу маселелерди чечүүдө баа жесткис роль ойноду. Басма сөз менен журналисттер партиялык, советтик жана комсомолдук уюмдардын күжүрмөн жардамчыларына айланышты.

1930-жылдан тарта, “Кыргызстандын айыл чарбасы”, “Чабуул» (азыркы -“Ала-Тоо”) журналдары,  “Кыргызстан пионери”, “Жеткинчек”, “Советтик мал чарба” гезиттери жарык көрдү. 1931-жылы 19-декабрда Кыргыз радиокомитети, 1937-жылы мамлекеттик телеграф агенттиги (Кыргыз ТАГ)  түзүлдү. 50-жылдарда “Ден соолук” , “Кыргызстан аялдары”, “Жаш ленинчи”, “Литературный Кыргызстан”, “Чалкан” журналдары жарык көрө баштады. 1953-жылы “Мугалимдер газетасы” — учурдагы коомдук-педагогикалык, илимий-популярдуу “Кут Билим” басылмасы жарыкка чыгып, ал жаш муундарга билим-жуурат, тарбия-таалим берүү ишинде  мугалим педагогдор, агартуучу-тарбиячылардын алмаштыргыс таасирдүү куралына айланды. Жакында билим берүү майданынын кызматкерлери, жалпы эле коомчулугубуз гезиттин 70 жылдык мааракесин салтанаттуу кырдаалда белгилешти.

1958-жылдын декабрында Кыргыз телекөрсөтүү комитети түзүлүп, ал улуттук журналистикабыздын өтө маанилүү, кубаттуу жана күчтүү каражатына айланып, маалымат мейкиндигиндеги орчундуу орунду ээлеп келүүдө.

Өлкөбүздүн басма сөз кызматкерлери жалпы союздук журналисттер менен бирдей кадам шилтешип, совет доорунун бардык тарыхый этаптарында өлкөнүн экономикасы, саясаты,  социалдык чөйрөсү, адабияты, маданияты, көркөм өнөрү, агартуу, билими менен илими, эмгекчилердин жашоосу, турмуш-тиричилигине байланышкан бардык чиелүү маселелерди үзгүлтүксүз чагылдырып турушту. Ошентсе да, ал кезде накта сөз, басма сөз жана журналисттердин чыгармачылык эркиндигине советтик цензура тарабынан бөгөт коюлуп, өтө тыкыр тескелип, чектелип тургандыктан, аларга мамлекет менен компартияны, өкмөт менен жогорку бийликтерди, коммунисттик идеология менен социалисттик түзүлүштү сындоого жол берилген эмес. Муну өзүм 1984-1985 жылдары Кыргыз ССР Министрлер Советине караштуу Басма сөздөгү мамлекеттик сырларды сактоо боюнча Башкы башкармалыгынын (Главлит) жетекчиси (башкы цензору) болуп иштегенимден улам абдан жакшы билем деп айтмакчымын.

Мындай татаал абалды 80-жылдардын ортосунда КПСС БКнын Башкы  катчысы М.Горбачевдун демилгеси менен жарыяланган кайра куруу, айкындык жана көп пикирдүүлүк (плюрализм) саясаты белгилүү деңгээлде жумшартса да, ал күтүлгөн өзөктүү өзгөрүштөргө алып келген жок. Бирок буга карбастан, биздин эрктүү, чечкиндүү журналисттерибиз коомду демократташтыруу, айкындык жараяндарынын мүмкүнчүлүктөрүн кылдат пайдаланышып, коомчулукту кызыктырган олуттуу жаңы темаларды, кечиктирилгис көйгөйлөрдү көтөрүп чыгышып, сөз эркиндигин орнотууга жан үрөштү. Кейиштүүсү, цензура эч өзгөрбөстөн, мурдагыдай эле, ведомстволук тар чөйрөлөрдүн кызыкчылыктарынын сакчылыгында кала берди.

1991-жылы совет бийлиги чачырап, Кыргызстан азаттыкка жетишкен соң, анын коомдук-саясий турмушунда таптакыр башкача жаңы кырдаал түзүлдү. КМШ биримдиги уюштурулуп, ата мекендик журналистикабыз прогрессивдүү чыйырга түштү.

Ушул жылдын мартында, “Советтик кыргыз журналистикасы (күбөлөрдүн көзү менен)“ деген аталыштагы көлөмдүү китеп басмадан чыкты.  Китеп катышкандар тарабынан кызуу талкууга алынып, жалпысынан, калыс баага татуу менен, маанилүү жана пайдалуу изилдөө катары таанылды. Чыгарманын долбоорунун автору жана түзүүчүсү – белгилүү журналист-публицист, саясаттаануу илимдеринин кандидаты, Кыргыз – Түрк  (”Манас”) университетинин журналистика бөлүмүнүн башчысы  Бакыт Орунбеков.

Совет доорунда жашап, тандап алган кесибинин түмөн түйшүгүн мойнуна көтөрүп, кыйла жылдар ичинде эпкиндүү эмгектенип келишкен ар кыл муундагы, өмүрдөн өтүп кеткен жана бүгүн да арабызда аман-эсен жашап жаткан мекендештерибиздин айткан сөздөрү, пикирлери, көз караштары, ой-мүдөөлөрүнө өтө чоң орун берилген. Алар советтик доордун жандуу күбөлөрү катары, басма сөздүн коомдо ээлеген орду, ага тийгизген таасири, калк арасындагы кадыр-баркы, ар кыл оош-кыйыштары, ийгиликтери менен кемчиликтери, дурусу менен бурушун талдоого алышып, кыргыз журналистикасынын дээрлик 65 жылдык тарых-таржымалына так, даана, калыс   мүнөздөмө беришкен.

Кыргыз журналистикасы бүтүндөй советтик басма сөздүн ажырагыс бир бөлүгү катары, анын шинелинен өсүп чыгып, бир нече элестүү этаптарды басып өттү. ЖМКнын ар бир тармагында: гезит-журналдар, телекөрсөтүү, радио уктуруу, маалымат агенттиктеринде, басма кызматында иштеп келишкен калемгерлер өздөрүнүн кесиптик жана кызматтык милдеттерин жогорку жоопкерчиликте аткарышып, калкыбыздын бийик урмат-сыйына татышкан. Ошолордун көч башында улуттук журналистикабыздын чыйырын чийишкен улуу муундун атактуу өкүлдөрү: К.Тыныстанов, К.Карасаев, С.Карачев,
А.Токомбаев, К.Баялинов, М.Элебаев, К.Рахматуллин, С.Сасыкбаев, К.Маликов, А.Убукеев, Ж.Турусбеков, М.Алымбаев. Т.Сыдыкбеков, Ж.Бөкөнбаев, А.Токтомушев, М.Дөгдүров, К.Кыдырбаева, Т.Үмөталиев сыяктуу таланттуу инсандар турушкан. Кийин булардын жолун А.Айтбаева, Ш.Бейшеналиев, А.Ботоканова, Ч.Айтматов, М.Молдокматов, Д.Мукамбетова, В.Светличный, Л.Дядюченко, К.Ашымбаев, Э.Ибраев, С.Усупов, О.Султанов, М.Абдыкасымова, А.Иванов,  Г.Момунова ж.б. ийгиликтүү улантышты.

Өлкөбүздө кеңири кулач жайган кайра куруу, айкындык жана демократташтыруу кыймылынын шарданасы менен журналисттердин кубаттуу тобу калыптанып, анын сабында белгилүү адабиятчы, сынчы, илимпоз-философ С.Жигитов турду. Ал эми, Кыргызстан 1991-жылы эгемендикке жетишкенден кийинки журналистикабыз жөнүндөгү сөз өз алдынча болушу зарыл деп эсептейбиз.

Өйдөдө белгиленип өткөндөрдү жыйынтыктап жатып, биз талкууга алган китепти бардык жагынан алып караганда, ийгиликтүү чыкканын баса белгилеп кеткибиз келет.

Бөлүшүү

Комментарийлер