СОЦПЕДАГОГДУН АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБАСЫ

  • 05.02.2020
  • 0

Аксы районундагы А.Жаныбеков атындагы мектептин социалдык педагогу Тилеген Керимкулов мектептеги 30 жылдык педагогикалык эмгек стажынын 10 жылын социалдык педагогикага арнаган. Ал жакында эле Жалал-Абад облустук билим берүү усулдук борборунда кесиптик чеберчилигин жогорулатып келген соң, өзүнүн айыл жергесиндеги кесиптештери үчүн семинар-тренинг өтүп, жаш жеткинчектердин өнүгүүсү жана социалдаштыруусу боюнча заманбап жардам берүү усулдарынан тажрыйба бөлүштү.

Аксы райондук билим берүү бөлүмүн усулчусу Уулжан Жанузакова соцпедагогдун тажрыйба бөлүшүү идеясын жалпылап колдоп, бул жаш педагогдор үчүн жакшы табылга болгондугуна айтат.

— Тилеген Керимкулов кесиптик чеберчилигин жогорулатып келген соң, өзүнүн алдыңкы тажрыйбаларын айыл мектептериндеги кесиптештерине бөлүшүү идеясын райондук билим берүү бөлүмүнө сунуштап, макулдашуулардын негизинде, райондогу алты айыл өкмөтүнүн карамагындагы 23 мектептин бир жылдан жети жылга чейинки тажрыйбасы бар жаш педагогдоруна семинар-тренинг катары өтүп берди. Семинар-тренингге керектелүүчү окуу куралдарды, таркатмаларды, көрсөтмө буюмдарды да өз каражатынан колдонгон. 4,8,9-класстын окуучулары көйгөй жаратуучу көрүнүштөрдү сахналаштырып, семинардын катышуучуларына активдүү изилдөөгө мотивация берип турушту.Тренингдин катышуучулары да топторго бөлүнүп иштөө менен ар бир тапшырманы талкуулоого активдүү катышышып, өз тажрыйбаларында бүгүнкү усулдарды колдонуп иштөөнү колго алышаарын айтышып, семинар соңунда жалпы кайрылуу кабыл алышты,-дейт У.Жанузакова.

СОЦПЕДАГОГДУН АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБАСЫМектептин социалдык педагогуна учурда абдан жооптуу милдеттер жүктөлгөн. Социалдык педагог иш-аракетинде баланын кызыкчылыктарын коргоо максатында купуялуулукту сактоо, жекече иштөө жана сабырдуулук принциптерин КР мыйзамдарынын негизинде жетекчиликке алуусу кажет. Алар мектептеги окуучулардын социалдык диагнозун аныктоо, көйгөйлөрдү чечүү жолдорун пландаштыруу, тар жана кен чөйрөлөрдө тарбиялоонун таасирдүү жолдорун колдонуу, мамлекеттик жана мамлекеттик эмес социалдык коргоо мекемелери жана коомчулук менен кызматташуу, социалдык жана экономикалык колдоого алуу сыяктуу түйшүктүү милдеттерди аткарышат.

СОЦПЕДАГОГДУН АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБАСЫТажрыйбалуу соцпедагог иштеген мектепте “Ишеним кутучасы”, “Ишеним телефону”, жалпы иш план менен бирге ар бир аткарылган иштердин “издери” тиркелген иш кагаздар жана колдонмолор бар. Ошондой эле агайдын өздүк китеп текчесинде башкалардан табылгыс илимий-педагогикалык, усулдук жана дин жаатындагы китептер иреттүү тизилген. “Диний маанидеги китеп, изилдөөлөрдү окуп, билүү да социалдык педагогдун ишине зор жардам берет,”- дейт Тилеген агай.

Өспүрүм курактагы өткөөл мезгилде окуучулар психологиялык жактан чоң жабыркоого дуушар болушаары маалым. Өспүрүмдөрдүн үй-бүлөлүк абалы, жада калса, анын класстагы ээлеген орду да анын келечегине эле эмес, өмүрүнө да таасири тийип калышы ыктымал. Тажрыйбалуу педагог өзүнүн иш тажрыйбасынан бөлүшүп, мектепте бир окуучу кыз суицидге кадам таштаган учурда, бир топ аракеттердин, бир нече баарлашуулардын натыйжасында, өмүрүн кыюу максатынан кайтып, учурда жогорку окуу жайдан билим алып, аяктап жаткандыгын мисал келтирип өттү. Бул — эгерде педагог, класс жетекчи, ата-эне жана коомчулук тыгыз байланышта болсо, жамандыктын да алдын алууга болот деген ишеним жаратат.

Семинарга Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчулары И.Калыкова жана У.Жанузаковалар катышып, аймактардагы мектептердин, балдардын жашоо шарттарын, физикалык жана психологиялык абалдарына баа беришип, жалпы социалдык педагогдордун иштерине ийгилик каалашты.

А.Кашыбаева,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер