СОЦПЕДАГОГДОР КАТЫШКАН ТРЕНИНГ

  • 14.02.2023
  • 0

Чүй облусунун Кемин райондук билим берүү бөлүмү окуучулардын өз өмүрүнө кол салуу коркунучун алдын-алуу багытында иш жүргүзүүдө.

СОЦПЕДАГОГДОР КАТЫШКАН ТРЕНИНГ

Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн адистеринин демилгеси менен (райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Бедельбаева) райондук ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы “Мектеп жашындагы балдар үчүн өз өмүрүнө кол салуу коркунучун аныктоо жана жардам көрсөтүү” боюнча биргелешкен тарбиялык иштерди күчөтүүнү колго алды. Бул максатта Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу А.Аширбаев атындагы Кызыл-Октябрь жалпы билим берүү орто мектебинин жыйындар залында тренинг өттү. Ага райондун жалпы билим берүүчү орто мектептеринин социалдык педагогдору катышты.

СОЦПЕДАГОГДОР КАТЫШКАН ТРЕНИНГ

Тренинг катышуучулары окуучулардын өз өмүрүнө кол салууга, башкача айтканда суицидге каршы көрүүчү иш-чараларды талкуулашып, аны алдын-алуу багытында кандай аракеттерди көрүү керектигин белгилешти.

СОЦПЕДАГОГДОР КАТЫШКАН ТРЕНИНГ

А.КАШЫБАЕВА,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер