СОЦИАЛДЫК КЫЗМАТТЫ КООМДО КОМПЛЕКСТҮҮ ТЕХНОЛОГИЯ КАТАРЫ УЮШТУРУУ ЖАНА ПАЙДАЛАНУУ

  • 24.05.2022
  • 0

Кызыл-Кыя шаарынын №7 кесиптик лицейинин базасында 20-майда жогорку окуу жайлардын студенттеринин, орто мектептердин, кесиптик лицейлердин, жогорку окуу жайдын мугалимдеринин  жана “Ымандаш” коомдук бирикменин өкүлдөрүнүн катышуусунда «Коомдо социалдык кызматты уюштуруу жолдору»   багыты боюнча семинар болуп өттү.

Семинарда  социалдык кызматтын коомдогу орду  кеңири талкууга алынды.

Атап айтканда, аны калктын социалдык жактан аялуу жарандарды колдоо боюнча мамлекеттин социалдык саясаты катары көрүү, коомдун баалуулугу  катары  кабыл алуу, социалдык кызматты коомдо комплекстүү технология катары пайдалануу, коомду  жана  инсанды стабилдештирүү  куралы катары  көрүү, коомдогу процесстерди алдын алуу, анализдөө жана болжолдоо стратегиясы катары  кабыл алуу жана коомдо социалдык башкаруунун технологиясы катары көрүү жөнүндө конкреттүү сунуштар, ой-пикирлер айтылды.

Социалдык кызматты уюштурууда жаңы технологияларды пайдалануу, ошондой эле коомдогу социалдык кызматтын проблемаларын чечүү жана өнүктүрүү жолдору боюнча  да сөз козголду. Социалдык кызматкерлердин, социалдык педагогдордун жана волонтерлордун  ишин жекече, тайпада жана жамаатта уюштуруу боюнча жол-жобосу каралып, көрсөтмөлөр берилди.

          Н.Исманова

Бөлүшүү

Комментарийлер