СОГУШ АРДАГЕРЛЕРИ МЕНЕН МЕКТЕПТЕГИ ЖОЛУГУШУУ

  • 15.04.2019
  • 0

№2 Лебединовка мектеп-гимназиясында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен жолугушуу аземи болуп өттү.

СОГУШ АРДАГЕРЛЕРИ МЕНЕН МЕКТЕПТЕГИ ЖОЛУГУШУУ

Иш чаранын жүрүшүндө мектеп окуучулары согуштун ардагерлери үчүн атайын даярдалган чакан концерттик программа көрсөтүштү жана ошондой эле Ч.Айтматовдун “Бетме-бет” повестинен алынган спектаклдан үзүндү тартуулашты. Андан соң, мектеп директору Омурова Асылкан ардагерлерди куттуктап, сөз кезегин согуштун ардагери, 95 жаштагы Асек Урмамбетов берди.

СОГУШ АРДАГЕРЛЕРИ МЕНЕН МЕКТЕПТЕГИ ЖОЛУГУШУУ

Урмамбетов А. 1943-жылы согушка чакырылып, Украинаны, Прибалтиканы баскынчылардан бошотууга катышкан.

Ал өзүнүн согуштук таржымалын айтып берип, андан соң окуучулардын суроолоруна жооп берип, мектептин директоруна “Токсон беш жаштагы отчетум”деген китебин жана алдыңкы окуучуларга чакан белектерин тапшырды.

 

Туралиева В.А мектеп-гимназиянын тарбия иштери боюнча орун басары

Бөлүшүү

Комментарийлер