МЕКТЕП ФОНДУ: СОКУЛУКТА АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН МУГАЛИМДЕР БИР ЫМАЛАГА КЕЛДИ

  • 27.09.2019
  • 0

Билим берүү министрлигинде өткөн жыйында Чүйдүн Сокулук районундагы ата-энелер жана мектеп администрациялары мектеп фонддору боюнча бирдиктүү пикирге келишти. Министр Каныбек Исаковдун башчылыгы астында өткөн жолугушууда азыр өлкөдө өтө актуалдуу болуп жаткан маселе боюнча эки тарап тең өз жүйөөлөрүн келтирди.

МЕКТЕП ФОНДУ: СОКУЛУКТА АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН МУГАЛИМДЕР БИР ЫМАЛАГА КЕЛДИ

Жыйынга Сокулуктан 17 орто мектебинин директорлору, райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчиси, жергиликтүү бийликтин жана мектептердеги акча чогултууга каршы чыгып жаткан ата-энелер тобунун өкүлдөрү катышты.

Каныбек Исаков мектептердеги ар кандай мектеп фонддору ата-энелердин нааразылыгын жаратып, бир нече жылдан бери курч маселелердин катарында турганын белгиледи. Министр жыйындын катышуучуларына конструктивдүү сүйлөшүү жолу менен маселени чечүү жолдорун сунуш кылууну айтты.

Мектеп директорлору түзүлгөн кырдаалдан чыгуунун бир жолу катары ата-энелер чогулткан акчанын бирдиктүү суммасын бекитүүнү сунуштады. Бирок ата-энелердин өкүлү Чынара Апиева бул процесс ачык-айкын болуш керектигин талап кылды. Апиева билим берүү мекемесиндеги коопсуздук кызматынын, пол жуучу кызматкердин эмгегин жана майда чыгашаларга кеткен каражатты камкордук кеңештери гана көзөмөлдөсүн деген сунушун билдирди.

МЕКТЕП ФОНДУ: СОКУЛУКТА АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН МУГАЛИМДЕР БИР ЫМАЛАГА КЕЛДИ

Министр Каныбек Исаков көп балалуу, аз камсыз болгон жана мүмкүнчүлүгү чектелген баласы бар үй-бүлөлөрдү эске алуу менен, алардан каражат топтоодон бошотууну белгиледи.

Мындан сырткары топтолгон каражатка мектеп жетекчилери аралашпай, ата-энелер акчаны атайын терминалдарга гана салып, эсепти өздөрү көзөмөлдөшү керек деген пикирин айтты. Ачык-айкындуулукту камсыз кылуу үчүн адистерге атайын автоматташтырылган программаны иштеп чыгууну тапшырды. Мында ар бир ата-энеде каражаттын кайда жумшалып жатканын онлайн көзөмөл жүргүзүү мүмкүнчүлүгү жаралат.

Жыйынтыгында топтолгондор бир пикирге келип, мындан ары мектеп фонддоруна чогултулуучу каражаттын суммасын ата-энелер өздөрү аныктап, аны көзөмөлдөө вазыйпасы да аларга жүктөлмөй болду. Мектеп жетекчилилери бул жараянга такыр кийлигишпөөгө макул болушту.

Министрлик мындан ары да ушул сыяктуу көйгөйлөргө көңул буруп, маселени конструктивдүү диалог аркылуу гана чечүүгө аракеттенет.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер