ШААРДЫН МЕКТЕПТЕРИНЕ ДОКУМЕНТТЕР КАБЫЛ АЛЫНА БАШТАДЫ

  • 15.08.2022
  • 0

Бүгүнтөн баштап Бишкек шаарындагы мектептерге 1-класска бара турган балдардын документтери кабыл алына баштады. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева ЖМК өкүлдөрүнө расмий билдирди.

Маалыматка ылайык, балдарын электрондук каттоодон өткөргөн ата-энелер мектепке тиешелүү бардык документтерди тапшырууга тийиш.

Вице-мэр бир дагы бала билим алуу мүмкүнчүлүгүнөн куру калбашы керектигин, бул укук Конституцияда кепилденгендигин айтты.

«Микроучастоктордо жашаган балдарды мектепке берүү үчүн документтердин пакети жана арыз менен райондук билим берүү борборуна кайрылуу керек, анын алдында комиссия иштейт. Алар аркылуу министрликке маалымат жөнөтүлүп, электрондук эсепке алуу системасына киргизилет. Бир дагы бала билим алуу мүмкүнчүлүгүнөн куру калбашы керек. Бул укук Конституцияда кепилденген», — деди Мозгачева.

Эске салсак, быйыл окуу жылы 1-сентябрда башталат.

А.Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер