СЕЖОҢ КОРЕЙ ТИЛ БОРБОРУ ЖАҢЫ СТУДЕНТТЕРДИ КАБЫЛ АЛДЫ

  • 05.02.2024
  • 0

Ош технологиялык университетиндеги Сежоң корей тил борбору 2024-жылдын жазгы семестрине жаңы студенттерди, окуучуларды кабыл алды. Борбордо башталгыч корей тил курсуна жазылуу аякталып, жазгы семестрдин ачылыш аземи өткөрүлдү.

СЕЖОҢ КОРЕЙ ТИЛ БОРБОРУ ЖАҢЫ СТУДЕНТТЕРДИ КАБЫЛ АЛДЫ

Аталган курска Ош шаарынын мектептеринен жана жогорку окуу жайларынан студенттер жана окуучулар келип жазылышты. Иш-чарага окуу жайдын жетекчилиги, окутуучулары жана студенттери катышты. Ачылыш аземи концерттик программа менен коштолуп, корей элинин улуттук ыр-бийлери жаңырды.

Эскерте кетсек, Ош технологиялык университетинде 2008-жылы корей борбору ачылып, бүгүнкү күндө корей улутундагы кызматкерлер эмгектенип, студенттерге тил үйрөтүп келүүдө.

Бөлүшүү

Комментарийлер