«СЕЙТЕК» УЛУТТУК БОРБОРУНУН ДИРЕКТОРУ БОШ КЫЗМАТ ОРДУНА КОНКУРС ЖАРЫЯЛАНДЫ
- 11.11.2024
- 0
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Балдардын жана өспүрүмдөрдүн «Сейтек» улуттук борборунун директору бош кызмат ордуна документтерди кабыл алуу башталды.
Директордун кызмат ордуна жалпы квалификациялык талаптар:
Билими:
* Педагогика, психология, социалдык илимдер, билим берүүнү башкаруу (билим берүүдөгү менеджмент), искусство жаатындагы жогорку билим;
* Балдар жана жаштар менен иштөө, социалдык менеджмент же педагогикалык чеберчилик боюнча кошумча курстар, сертификаттар же дипломдордун болушу артыкчылыктуу.
Иш тажрыйбасы:
* Билим берүү же жаштар уюмдарында, мекемелеринде жетекчилик кызматтарда 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар;
* Билим берүү программаларын жана стандарттарын иштеп чыгуу жаатындагы билими жана тажрыйбасы;
* Балдар жана жаштар менен, өзгөчө билим берүү, тарбиялоо, чыгармачылык өнүктүрүү тармагындагы тажрыйбасы;
* Билим берүү жана социалдык программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу тажрыйбасынын болушу артыкчылыктуу.
Башкаруу көндүмдөрү:
* Башкаруу, стратегиялык чечимдерди кабыл алуу жана узак мөөнөттүү пландарды иштеп чыгуу жөндөмдүүлүгү;
* Илимий изилдөөлөрдү жана долбоорлорду уюштуруу жана өткөрүү тажрыйбасы.
Мыйзамдарды билүү:
* Билим берүү жана жаштар саясаты чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын мыкты билүүсү;
* Программаларды, долбоорлорду иштеп чыгууну жана ишке ашырууну билүү;
* Балдар жана жаштар менен иштөөнүн заманбап педагогикалык технологияларын жана методдорун билүүсү;
* Билим берүү жана социалдык программаларды баалоо методикасын билүү;
* Балдар жана жаштар менен иштеше билүү, коммуникацияны жөнгө салуу жана алардын чыгармачылык, интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүү.
Коммуникациялык көндүмдөрү:
* Мамлекеттик органдар, эл аралык уюмдар жана ишкер коомчулук менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүгө жөндөмдүүлүгү;
* Сүйлөө жана сүйлөшүү көндүмдөрү.
Инсандык сапаттар:
* Жогорку деңгээлдеги жоопкерчилик жана үзгүлтүксүз билим алууга даярдык;
* Инновациялык ой жүгүртүү жана натыйжага багыт алуу;
* Жоопкерчилиги, уюштуруучулугу, демилгелүүлүгү;
* Эмпатия, толеранттуулук жана балдардын жана өспүрүмдөрдүн өзгөчөлүктөрүн түшүнүү;
* Ата-энелер, мугалимдер жана өнөктөштөр сыяктуу ар кандай категориядагы адамдар менен иштөө жөндөмү.
Кошумча талаптар:
* Чет тилдерди билүүсү артыкчылыктуу;
* Компьютердик көндүмдөрү: билим берүү процесси менен иштөө үчүн кеңсе программаларын (MS Office), интернет-ресурстарды жана адистештирилген программаларды ишенимдүү пайдалануу;
* Билим берүү, жаштар саясаты жаатындагы кесиптик сертификаттар же сыйлыктар;
* Лекцияларга, тегерек столдорго, семинарларга жана конференцияларга катышууга даярдыгы;
* Балдар жана жаштар үчүн маданий жана билим берүү иш-чараларын уюштурууга катышуусу.
2. Директордун функционалдык милдеттери:
* Билим берүү программаларын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдында отчет берет;
* Борбордун ишинин негизги багыттарын иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине бекитүүгө берет;
* Билим берүү жана илим министрлиги борбордун түзүмүн жана кызматкерлерине акы төлөө шарттарын иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине бекитүүгө берет;
* Борбордун ишин пландаштырат жана көзөмөлдөйт, иштин сапаты жана натыйжалуулугу үчүн жооп берет;
* Финансылык каражаттарды сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылат;
* Банкттарда алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, ишеним каттарды берет, берилген ыйгарым укуктардын чегинде башка укуктардан пайдаланат;
* Кошумча ыйгарым укуктары жана кошумча ишеним катсыз борбордун кызыкчылыктарын коргойт;
* Педагогикалык жана башка кызматкерлерди ишке алат жана иштен бошотот;
* Коопсуздук техникасынын сакталышы үчүн билим берүү процессинде жоопкерчилик тартат;
* Борбордун иши үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
* Борбордун директорунун компетенциясына кирген башка маселелер боюнча өз алдынча чечим кабыл алат;
* Борбордун Уставына ылайык башка функцияларды аткарат.
Тандоого катышуу үчүн кесиптик тажрыйбасы, билими жана илимий жетишкендиктери, жарыяланган илимий макалалары, монографиялары, патенттери жана башка изилдөөлөрү жөнүндө маалыматты толук камтыган резюмени жөнөтүү зарыл. Кабыл алуу 2024-жылдын 21-ноябры, саат 18.00гө чейин [email protected] электрондук дарек аркылуу жүргүзүлөт.
Байланышуу үчүн: (0312) 664643, Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн башкы адиси Мусаева Жибек Акматбековна.
Комментарийлер