СЕРГЕЙ АКШда БИР ЖЫЛ БЕКЕР ОКУЙТ

  • 03.06.2020
  • 0

Чүй облусунун Кант шаарындагы Д.Зубков атындагы №1 мектебинин 9-классынын бүтүрүүчүсү Сергей Никитин бир жыл АКШда бекер окуй турган болду. Бул тууралуу Ысык-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Иманалиев билдирди.

Сергей мындай жеңишке FLEX программасына тапшырган сынактын жыйынтыгында жетишкен.

Сергей Никитин үчүн аталган программа боюнча тесттен өтүү кыйын деле болгон эмес.

— Мен тест тапшырганда кыйналган жокмун, анткени ага көптөн бери даярданып жүргөм. Тестке караганда мага дилбаян жазуу жана аңгемелешүүдөн өтүү кыйла татаалыраак болду. Окууга өткөнүмө аябай кубанып турам. Америкада билим алгандан кийин, Россиядагы жождордун бирине физика багытында билим алсамбы деген оюм бар,-дейт Сергей.

Анын бул жеңиши үй-бүлөсүн да чексиз кубанычка бөлөдү. Болочок физик үйүндө жети бир туугандын үчүнчүсү. Ал физикага гана кызыкпастан, бош убактысында сүрөт тартып, пианинодо ойногонду да жактырат.

АКШнын мамлекеттин департаменти тарабынан ишке ашырылып жаткан Future Leaders Exchange программасы мурдагы советтер союзунун тутамындагы мамлекеттердин жогорку класстарынын окуучулары америкалык үй-бүлөдө бекер жашап, окуп билим алуусуна шарт түзөт.

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер