СЕМИНАР-ТРЕНИНГ: КЫРГЫЗ ТИЛИН ЧЕТ ТИЛ КАТАРЫ ОКУТУУ

  • 17.01.2019
  • 0

10-11-январда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Чет тилдер жгорку мектебиндеги Кыргыз тили Координаторлугу тарабынан «Кыргыз тилин чет тил катары окутуу: жаңычылдыктар жана маселелер» («Алтын көпүрө» окуу топтомунун мисалында) аттуу семинар-тренинг болуп өттү. Бул тренингге Бишкек шаарынын билим берүү башкармалыгынын окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептериндеги кыргыз тили мугалимдери катышты.

Бул методикалык иш чаранын максаты төмөнкүдөй.

Кийинки учурда жалпы глобалдашуу агымына байланыштуу жана ар түрдүү тилдердин жана маданияттардын тыгыз байланышып аракет кылуу шартында чет тили өзгөчө мааниге ээ болуп жатат, себеби көптөгөн адамдардын бири-бири менен болгон  ар кандай иш-аракеттеринде, мамиле, байланыштарында  тилге болгон керектөөлөр көбөйүүдө. Буга ылайык чет тилин үйрөнүү зарылчылыгы жаралып, аны кантип окутууга карата кызыкчылыктар өсүүдө. Ушуга байланыштуу чет тилдерди окутууда жаңы усул-ыкмаларды жана жаңычыл технологияларды колдонуу өтө курч маселе болуп чыга келди. Чет тилди баштагыдай салттуу  окутуу методикасы менен бирге эле, жаңычыл  окутуу, заманбап методикалык усул-ыкмаларды пайдалануу, сабактарды кѳрсѳтмѳлүү жүргүзүү жана алдыңы технологиялык жетишкендиктердин жардамы менен, окутуп-үйрѳтүүнүн натыйжалуулугун арттыруу түшүнүгү күн тартибине өзгөчө коюлду. Себеби аалам азыр тез өзгөрүүнүн шартында жашап жатат, маданий, илимий тажрыйбалардын аралашуу интеграциясы жүрүп, бул өзгөчө жаңы шарттарга ыкчам көнүшүү,  окуп-үйрөнүлгөн тилдин жардамы аркылуу жеке билимин, ой өрүштөрүн  көтөрүү, тил аркылуу ошол чѳйрѳнүн коомдук турмушуна батыл жана тез аралашуу ж.б.  маселелерди күн тартибине койду.

Кийинки кезде Кыргызстанда орус тилдүүлөрдөн башка чет элдик жарандар, убактылуу же туруктуу жашаган чет тилдүүлөр көбөйдү. Бул көрүнүш мыйзам ченемдүү. Себеби азыркы экономикалык, саясий, ж.б. процесстер жакындашып, техникалык, карым-катнашуу интеграциясынын, улуттар аралык маданий, cоциалдык ж.б. жакындашуу жараяны жүрүп турган убакта бул кайсы өлкөгө, улутка  болбосун мүнөздүү кадыресе көрүнүш жана турмуш чындыгы болуп калды.  Мунун натыйжасында чет тилдүүлөргө кыргыз тилин үйрөтүү дагы олуттуулукка ээ болду.

Биздин өлкөнүн дүйнөлүк коомчулукка интеграциялануу процесси жалпы европалык билим берүү мейкиндигине кирүүбүз, эл аралык байланыштардын жана кызматташтыктардын бардык деңгээлдеги кеңейүүсү жогорку окуу жайлардын алдына сапаттык билим берүүнү уюштуруунун белгилүү бир деңгээлине жетишүү милдетин коюуда. Ал деңгээл ЖОЖдордун студенттеринен өздөрү окуп үйрөнгөн тилинде сүйлөшүү ишмердүүлүгүнө ээ болууга, үйрөнгөн тилде маданият аралык коммуникацияга ыкчам катышууга жана тилдик деңгээлдерин өз алдынча өркүндөтүүгө жөндөмдүү болууларын талап кылат. Ушул милдеттерди жана талаптарды ишке ашырууда жана чет элдиктерди тилге окутуп-үйрѳтүүдѳ  кыргыз тили мугалимдеринин алдына  жаңычыл жана дүйнѳлүк практикада ѳзүнүн мыкты натыйжаларын берген усул-ыкмаларга кайрылып, аны кыргыз тилин окутуунун айдыңына алып келүүнү шарттап жатат.

Окутуп-үйрөтүүдө мындай багыттарды чечүү үчүн Инсандын чыгармачылыгын жана адистигин өнүктүрүүгө багытталган  заманбап жаңычыл усул-ыкмаларды жеткирүүнүн заманбап технологиясы жаралууда.  Алардын айрымдары: өнүктүрүп окутуу, проблемалык окутуу, модулдук окутуу, инсандын өзү билим алуу мотивациясын калыптандырууга багытталган окутуу, жаңы маалыматтык технологиялар, интерактивдүү методдор, проективдүү методдор, кейс-технология ж.б. кирет.

Мына ушундай методикалык технологиялардын бири болгон Чет тилин үйрөнүүчүнүн Компотенттүүлүгүн жана Жетишкендигин жогорулатуучу, чыгармачыл жөндөмүн калыптандыруучу, практикалык сүйлөшүүгө, баарлашууга, маектешүүгө ыкчам алып чыгуучу, деңгээлдер боюнча так текшерүүнү жана  баалоону ишке ашыруучу портфолио технологиясы да бар. Портфолио («portfolio») италия тилинен «документи бар папка»,же «адистин папкасы», ал эми француз тилинен – «жетишкендиктин жыйындысы» деп которулат.

КТМУнун Чет тилдер Жогорку мектебинин Кыргыз тили координаторлугунун эмгек жамааты бир канча жылдардан бери бул ПОРТФОЛИО технологиясына ыңгайлаштырып чет тилдүү окуп-үйрөнүүчүлөр үчүн  «Алтын көпүрө» окуу топтомун түзүп, иштеп келишкен. Бул чет тилдерин  окутуудагы дифференцирленүүчүлүк (деңгээлдик А1, А2. В1.В2, С1) стандартта, бирдиктүү бир топтомдук түзүлүштө, тилди окутууда коммуникативдик–функционалдык багыт эске алынып жана алдыңкы технологиялык жетишкендиктерди колдонууга ыңгайлаштырылып, көрсөтмөлүүлүктү батыл колдонуп,  тил үйрөнүүчүлөрдүн деңгээлин так баалоону камсыз кылган мазмундагы жана түзүлүштѳгү окуу комплекси. Учурда анын А1, А2, В1, В2.С1 Окуу китептери жана Көнүгүүлөр жыйнагы жарык көргөн жана чет элдиктерди окутууда эффективдүү натыйжаларды алып келүүдѳ.

Бул жаңычыл МЕТОДИКАнын негизги өзгөчөлүгү окутулуучу топтун өзгөчөлүгүнө карата бардык окутуу материалдарын жана окутуу усулун, ар бир теманы атайын иштелип чыккан  калыпка салып берүү. башкача образдуу айтканда, бул методикалык багыт-көз караштын өзгөчөлүгү  ашканада атайын бөлүнгөн порция тамактын элесин калтырат. Ар бир окутулуучу тема илимий түрдө порция-порция боюнча даярдалган, жайгаштырылган жана талап кылынган бардык кичине бөлүкчөлөрү, ингридиент-татымалдары, кошулмалары  бар. Маселен бир теманын ичиндеги негизги «окуу, угуу, жазуу, сүйлөө» түрлөрүнөн сырткары көрүү, аткаруу, бышыктоо, кайталоо, сүйлөшүү, ойноо ж.б. деген  порциянын ичиндеги майда–майда бардык ингридиент, татымал ж.б. бөлүктөрдөн турат. Бирок булардын бардыгы ошол теманын ичине камтылган тексттердеги лексиканы коммуникативдик-функционалдык жана дифференциалдык багыт, ыраатта жана ченем-өлчөмдө окутуп-үйрөтүүгө багытталган жана материалды өздөштүрүүчү усул-ыкмалары да белгилүү.

Дагы образдуу айтсак; ар бир теманын өзүнүн методикалык жактан  өлчөнгөн, ченеп, бычылган лексико-грамматикалык чек арасы, өз алдынча «автономиясы», ишке ашыруучу рычагдары (усул-ыкмалары) жана кѳрсѳтмѳлүү жеткирүүчү техникалык каражаттары  бар. Окутуучу да, студент да ошол чек арадан чыкпай, бирок чек аранын ичиндеги темага тиешелүү лексикалык корду, грамматикалык калып материалдарды ал теманы ачып чыга турган атайын бөлүнгөн  усул-ыкмалардын, курал-каражаттардын, б.а. окутуу технологияларынын (кошумча окуу, угуу материалдары, аудио-видео, көрсөтмө курал, ж.б.)  жардамы менен окутуп жана үйрөнүп чыгышат.

Окуу топтомунун жаӊычылдыгы  катары алынган темада керектүү кеп интенцияларынын көпчүлүгүнүн чагылдырылгандыгын белгилеп кетсек болот. Алардын арасында саламдашуудан тартып, маалымат алуу, сурап билүү, тактоо, ниетин билдирүү, сунуштоо, божомолдоо, макул болуу, макул болбоо, ырастоо, бекемдөө, тануу, төгүндөө, сүрөттөө, баяндоо, кабарлоо, жарнамалоо ж.б. Булардын бардыгы теӊ чет элдиктин же тилди үйрөнүүчүнүн сүйлөшүүсүнө карата сөзүн өнүктүргөн, лексиканы тереӊдеткен, практикалык колдонууда,  баарлашууда, маектешүүдө негизги багыт үлгү болгон, албетте, өтө керектүү нерселер. Тилди үйрөнүүчүлөр  өзүлөрүнүн жетишкендиктерин өзүлөрү баалоо  шкаласы боюнча баалашат.

Бардык баалоолор тексттин ичинен иштелип чыккан ТЕСТтик текшерүүлөр аркылуу, так эсептөөлөр менен жүргүзүлөт. Анан окутууга, угузууга, көргөзүүгө ж.б. алынган тексттер улуттук же аймактык гана баалуулуктарды чагылдырбай, бүтүндөй дүйнөлүк баалуулуктарды, жаӊы ачылыштарды камтыгандыгында. Жогоркулардан тышкары бул окутуу топтомдорунун өзгөчөлүгү көрсөтмөлүүлүккө багытталгандыгында, техникалык азыркы жетишкендиктерге ыӊгайлаштырылгандыгында. Мына ушул жаӊычылдыктарды жетекчиликке алган КТМУнун Кыргыз тилин үйрөтүү координаторлугунун эмгек жамааты жакында эле «Алтын көпүрө» аттуу анын жашоо тарыхында 3-муундагы окуу комплексин (окуу китебин, окуу колдонмосун, көнүгүүлөр жыйнагын, мугалимдер колдонмосун, техникалык каражаттар аркылуу угузууга ылайыкташтырылып үндѳштүрүлгѳн тексттерди ж.б.) иштеп чыгышкан.

2017- окуу жылынан баштап жарык көргөн жаңычыл окуу топтому менен чет элден келген студенттерди окутуп-үйрөтүү жараяны жүргүзүлүп келет. Бул окуу китебин таанытуу жана жаңычыл технологияны билим берүү мекемелерине  жайылтуу максатында окуу жайдын Кыргыз тили Координаторлугу тарабынан  Бишкек шаарынын окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептериндеги кыргыз тили мугалимдерине  Семинар–тренингдер эки жылдан бери уюштурулуп өткөрүлүп келүүдѳ.

Жакында эле Бишкек шаарынын тѳрт районунан келген 65 мугалимге Чет тилдер жогорку мектебинин Кыргыз тили координаторлугунун эмгек жамааты тарабынан эки күн бою семинар –тренинг уюштурулган.

Иш чаранын биринчи күнүндө Координаторлуктун окутуучулары тарабынан Кыргыз тили координаторлугунун эмгек жамаатынын  22 жылдан бери жүргүзүп келе жаткан иш аракеттеринин , педагогикалык, методикалык ишмердүүлүк тажрыйбалары, окуу жайында мугалимдин орду жана анын ишмердүүлүк сапатына коюлуучу талаптар ѳңдүү маселелер кѳрсѳтмѳлүү кенен чагылдырылып берилди. Ошондой эле окуу топтомунун методикалык жаңычыл өзгөчөлүктөрү, аны окутуу технологиясы, окутуудагы негизги кѳндүмдѳр  болгон окуп түшүнүү, угуп түшүнүү, жазуу жана оозеки (монолог жана диалог) түрлөрүн кантип деңгээлдик жана коммуникативдик-функционалдык багытта үйрөтүү керек деген маселелелерге, жардамчы жана кошумча түрлөр болгон грамматиканы жана көрмө фильмдерди ыңгайлуу усул-ыкмалар менен берүү, слайддар менен иштѳѳ, көнүктүрүү жана  баалоо тесттеринин ар кандай түрлѳрүн  туура колдонуу, сабаттуулуктарын ѳстүрүү максатында  жазуу иштерин жүргүзүү, оюн сабактарын ѳнүмдүү, ылайыктуу пайдалануу  ж.б.  маселелери жөнүндө техникалык каражаттар аркылуу жогорку деңгээлде, көрсөтмөлүү жана кызыктуу  баяндамалар жасалды.

Окуу топтомундагы тексттердин ар бир темага ылайыкталынып берилиши жана аларды ѳздѳштүрүүнү уюштуруучу усулдук аппаратты туура түзүү маселелери чагылдырылды. Баяндамалар  техникалык каражаттар аркылуу кѳрсѳтмѳлүү чагылдырылып, мугалимдердин кызыккан суроолоруна  ынанымдуу жооптор берилди. Кыргыз тили координаторлугунун 22 жылда кыргыз тилин чет тили катары окутууга арналып чыгарылган жана окутууга колдонулуп келген окуу китеп, окуу колдонмо, жардамчы жана кошумча материалдарынын кѳргѳзмѳсү уюштурулган.

Иш чарага КТМУнун ректору проф. доктор Себахаттин Балжы, биринчи проректору, проф. докт. Асылбек Кулмырзаев, экинчи проректор жана окуу жайынын мамлекеттик тил боюнча куратору проф. доктор Анварбек Мокеев, КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы проф., докт, Назаркул Ишекеев, Чет тилдер жогорку мектебинин мүдүрү доцент, филология илимдеринин кандидаты Таалайбек Абдиев, мүдүрдүн орунбасары ага окутуучу Мухиттин Гүмүш жана башка кыргыз тили мугалимдери катышышты.

Семинар-тренингдин экинчи күнүндө окуу жайдын ректору проф. доктор Себахаттин Балжы чыгып сүйлѳп, бул иш чарага катышууга келген мугалимдерди куттуктады.  Жалпы түрк тилдери менен бирге эле кыргыз тили жылдан жылга ѳнүгүп бара жаткандыгын, анын ѳнүгүшүнѳ жана билимдин, илимдин тили болуусу үчүн  албетте,  биринчи кезекте кыргыз тили адистери терең салым кошорун белгиледи.  Ушул күндѳ 5000 миңден ашуун чет элдик студенттер кыргыз тилин үйрѳнүп чыккандыгын айтып, ошондой эле кыргыз тили мугалимдери ушундай тажрыйбаларды алмашуу семинарларын кѳп кѳптѳн ѳткѳрүп туруулары керек экендигин, себеби бири биринин алдыңкы усул-ыкмаларын үйрѳнүү аркылуу тилди окутуп-үйрѳтүүдагы тереңдээрине токтолду. Ошондой эле келечекте окуу топтомдору  сайтка коюлса, аралыктан окутууга абдан салым кошуларын белгиледи.

Түркиянын билим берүү министрилигин ѳкүлү Режеп Сула жана окуу жайынын проректору,  Мамлекеттик тилднн окуу жайында жүргүзүлүшү боюнча куратору проф. доктор А. Мокеевдер сүйлѳп семинардын ишине ийгиликтерди каалашты. КТМУнун проректору А. Кулмырзаев чыгып сүйлөп, бул жаңычыл окуу топтомунун чет тилдүү үйрөнүүчүлөр үчүн кандай мааниси бар экендигин, учурда окуу топтомдору тилди окутууга батыл салым кошорун  жана ыкчам өнүгүп жаткан азыркы шартта Кыргыз тилин өнүктүрүүдө бул окуу топтомдорунун мааниси эбегейсиз экендигин, ар түрдүү себептер менен Кыргызстанда туруктуу жана убактылуу жашап жаткан чет элдиктер жана мекеме, ишканалардын кызматкерлери кыргыз тилин өз алдынча окуп-үйрөнүүгө мүмкүнчүлүктөрү кеңейерин сүйлөп, аны ишке ашырып жаткан жамаатка ыраазылык билдирди. Чет тилдер жогорку мектебинин мүдүрү  Таалайбек Абдиев, мүдүрдүн орун басары Мухиттин Гүмүш чыгып сүйлөшүп, окуу топтомдорунун ишке ашырылыш процесстерин, андагы алгылыктуу жаңычыл технологияларды колдонуу окутууда жаңы ийгиликтерге алып келерин, окутуунун дүйнөлүк алдыңкы сапаттык жетишкендиктерине аралашуунун аракеттери экендигин белгилешти.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын тѳрагасы проф. докт Назаркул Ишекеев чыгып сүйлѳп, учурда  кыргыз тилин окутуп-үйрѳтүү тармагы  окутуунун  бардык танабын камтыган жана үйрѳтүүнү жана баалоону  эл аралык стандарттарга ылайыкташтырган ушундай окуу топтомдоруна муктаж болуп турганын,  Компотенттүүлүккѳ жана Жетишкендиктерди алдын ала илимий эске алган, деңгээлдер боюнча билимге  кѳнүктүрүүнү жана алган кѳндүмдѳрдү жана жетишкендиктерди баалоону так ажырымдатып берген окуу топтомдору ошондой муктаждыктарды чечүүдѳ баалуу салым кошорун белгиледи. Республиканын быйылкы бүтүрүүчүлѳрүнүн  билими В2 деңгээлинде  текшерилерин жана дегеле кыргыз тилин билүүнүн деңгээлдик текшерүү жараянын ишке ашырууда  ушул окуу топтомдорунун тажрыйбасына, эрежелерине кенен таяныла жүргүзүлѳрүн белгиледи.  Жакшы келечектүү жана жалпы кыргыз тили тармагыынын ѳнүгүшүнѳ  олуттуу  салым кошор иштерди жүргүзүп жаткан жамаатты куттуктоо менен бирге бир катар мугалимдерге мекеменин сыйлыктарын тапшырды. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын «Кыргыз тили» тѳш белгисине  Чет тилдер жогорку мектебинин мүдүрү, доцент, филология илимдеринин кандидаты Таалайбек Камбарович Абдиев,  координаторлуктун окутуучулары Замира Мажитова, Турдубек Мамырбаев, Айнура Бейшеева ээ болушса,  «Ардак Грамотага»  Венера Туратбек кызы, Назгүл Мурзакматова арзышты.

Кыргыз тили Координатору Тойчубай Үсөналиев чыгып сүйлѳп,  мазмуну, дизайндык жасалгаланышы жана усул-ыкмасы да  жаңычыл методикалык технологияда түзүлүп жарыкка чыккан  окуу комплексин жаратып, жарыкка алып келүүдө Координаторлуктун эмгек жамаатынын аракеттерин ар тараптан кош колдоп  колдоого алышкан, демилгелеп, багыттап жана шыктандырып, бардык мүмкүнчүлүктөрдү жана ыңгайлуу шарттарды түзүп берип жаткан окуу жайдын ректорлугуна жана Чет тилдер жогорку мектебинин жетекчилигине терең ыраазылыктарын билдирди. «

Алтын көпүрө» окуу топтому дагы да көптөгөн окутуу жана жардамчы материалдар менен толукталарын баяндады. Ошондой эле кыргыз тилинин окуу жайдагы иштерине баам салып байкап, жасалган жаңычыл иштерди жакындан  кѳрүп жаткан Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы  кубаттап, моралдык жактан стимулдап, сыйлыктарын берип демдерине дем кошуп жаткандыгын белгиледи.

Семинар-тренингдин акырында мектеп мугалимдерине  сертификаттар жана семинар-тренингди ѳткѳргѳн Кыргыз тили координаторлугунун эмгек жамаатына ыраазылык баракчалары окуу жайынын ректорлугу  тарабынан тапшырылды. Мектеп мугалимдери Бактыгүл Султанбекова (№12 ), Перизат Дүйшѳнбаева (№25-мектеп району) чыгып сүйлөшүп абдан баалуу бул семинар-тренингди уюштуруп, мугалимдерди жаңы маалыматтар менен тааныштыргандыктары үчүн жана методикалык жаңычыл усул-ыкмалар менен бѳлүшкѳндүктѳрү үчүн  Чет тилдер жогорку мектебинин Кыргыз тил координаторлугуна ыраазылык билдиришти.

Тойчубай Үсѳналиев, кыргыз тили координатору, билим берүүнүн мыктысы,  «Кыргыз тили» тѳш белгисинин ээси

Бөлүшүү

Комментарийлер