СЕГИЗ МЕКТЕПТЕ БУТ КИЙИМ АЛМАШТЫРУУ ДОЛБООРУ КИРГИЗИЛДИ
- 16.01.2023
- 0
Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, балдарды жаштайынан тазалык маданиятына үйрөтүү жана ошондой эле санитардык-гигиеналык нормаларды сактоо максатында бут кийин алмаштыруу долбоору иштелип чыгып, Биринчи Май районунда жайгашкан сегиз мектепке киргизилди.
“Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр” коому тарабынан №75, №78, №99, №101 мектептерине бут кийим салуу үчүн атайын шкафтар жасалып, колдонууга берилди. Буга чейин №81 орто мектебиннин башталгыч класстары үчүн жана №97, №40 №84 мектептеринде бут кийим алмаштыруу тажрыйбасы болгон. Жакынкы күндөрү Биринчи Май районундагы бардык мектептерине толугу менен киргизилет.
Айгерим Токтобаева “КУТ БИЛИМ”
Бөлүшүү
Комментарийлер