САЯКБАЙ КАРАЛАЕВГЕ ЭЛ БААТЫРЫ НААМЫН ЫЙГАРУУ СУНУШУ АЙТЫЛДЫ

  • 15.12.2023
  • 0

Борборубузда өтүп жаткан Курултайда Түп районунан келген делегат залкар манасчы Саякбай КАРАЛАЕВГЕ Эл баатыры наамын ыйгаруу сунушун айтып чыкты. Дагы бир делегат Исмаилова Карачач Манастын жаңы ордосун куруу үчү 100 гектар жер бөлүп берүүсүн Президенттен суранды.

Учурда Курултайдын делегаттарына сүйлөөгө регламент боюнча үч мүнөт гана убакыт берилүүдө. Калганын жазуу жүзүндө секретариат алып калууда. Себеби жарыш сөзгө150дөн ашык делегат жазылган.

М.Кайыпов

Бөлүшүү

Комментарийлер