САСЫК ТУМОО: АКЫСЫЗ ЭМДӨӨ АЛЫҢЫЗ
- 09.10.2026
- 0
Учурда республиканын бардык аймактарында сасык тумоого каршы профилактикалык эмдөө жигердүү жүргүзүлүүдө.
Адистердин сунушу боюнча, биринчи кезекте тобокелдик тобуна кирген төмөнкү жарандарга эмдөө алуу сунушталат:
Өнөкөт оорулары бар адамдарга;
65 жаштан жогорку курактагыларга;
Кош бойлуу аялдарга;
Тез-тез ооруп турган балдарга;
Медицина кызматкерлерине.
Тобокелдик тобундагы жарандар эмдөөнү жашаган жери боюнча Үй-бүлөлүк медицина борборлорунан (ҮМБ) акысыз ала алышат.

ҮМБларда атайын колл-борборлор иштеп баштады
Курч респиратордук вирустук инфекциялардын (КРВИ) алгачкы белгилери байкалганда балдарга өз убагында жардам көрсөтүү максатында Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда атайын колл-борборлор уюштурулду.
Ата-энелер колл-борборлорго телефон аркылуу кайрылып, аралыктан баштапкы консультацияларды ала алышат жана ооруканага жаткыруу зарылдыгын аныктоо боюнча медициналык адистердин кеңешин уга алышат.
А.К., «КБ»