САПАТТУУ БИЛИМ БЕРҮҮ – ӨЛКӨНҮН ӨНҮГҮҮСҮНҮН НЕГИЗИ

  • 15.09.2021
  • 0

Сузак райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилерине, алдыңкы мугалимдерге жана жаш адистерге  педагогикалык кызматкерлердин «Сапаттуу билим берүү жана руханий адеп-ахлактык тарбия — өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизи!» темасындагы райондук конференциясы болуп өттү.

Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.Ж.Сыдыкназаров мугалимдерди жаңы окуу жылы менен куттуктады.

— Мугалим — түйшүктүү, жоопкерчиликтүү, бирок ардактуу кесип. Анткени коомубуздун дээрлик жарымын түзгөн балдар менен жаштар күн сайын мугалимдин таалим-тарбиясын алышат. Жөндөмсүз бир да бала болбойт, алардын ичинде катылып жаткан касиеттерин, талантын, жөндөм-шыгын ачуу аркылуу Сиздер коомубуздун өнүгүшүнө зор салым кошо аласыздар. Ата-эне сыяктуу эле мугалим ар бир баланы гений кылып чыгара алат.

Мектеп босогосун аттаган ар бир наристенин дүйнөсү жаңы компьютер сыяктуу – ага кандай программа салынса, ошондой иштейт. Мугалимдин аракетине, изденүүсүнө жараша Кыргызстандын чыныгы патриот жарандары өсүп чыгат. Азыркы заманда интеллектуалдык эмгектин, жогорку технологиялардын баасы өстү. Ошого жараша билим берүү системасын тезинен реформалоо жана билим сапатын арттыруу талап кылынууда.

“Билимдүүгө дүйнө жарык”, “Билим кимде болсо — билик болоор”. Бул саптар кечээ эле биз 1000 жылдыгын белгилеген атактуу бабабыз  Жусуп Баласагынга таандык. Даанышман бабабыз билим аркылуу гана дүйнөнү өзгөртүү мүмкүн экенин дайыма айтып келген,  — деди райондун  акими Баратбек Сыдыкназаров.

Билим берүүдө эмгектенген алдыңкы мугалимдерге райондук  мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы жана сыйлыктары тапшырылды.

Конференцияда заманбап деңгээлде билим берүүдө төмөнкү талаптарга көңүл буруу зарыл экендиги  белгиленди: Билим берүү менен бирге, окуучуларды турмуштук маанилүү билгичтиктер менен камсыздоо жана компетенттүү инсан катары калыптандыруу —  бүгүнкү күндүн талабы; окуучуну билим алууга мотивдештирүү; окуучулардын билим сапатын жогорулатуу; санарип технологияларын сабактарда колдонуу; STEАM — билим берүүнүн ыкмаларын колдонуу; окуучуларды PISA баалоосуна даярдоо; окуучуларды ЖРТке, олимпиадага даярдоо иштерин күчөтүү.

Демек, окутуп тарбиялоо процесси заманбап деңгээлде уюштурулууга тийиш.

Аягында Сузак райондук билим берүүнүн ткеңешмесинин  резолюциясы кабыл алынды.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер