“САПАТТА” МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ АЙЛЫГЫ
- 10.09.2025
- 0
2025-2026-окуу жылында “Сапат” Эл аралык билим берүү мекемесинин лицейлеринде 2025-жылдын 8-сентябрынан “Кыргыз тили – уча турган канатым, Адабият – айтып бүткүс санатым” аталышында Мамлекеттик тил айлыгы жарыяланды.


Мамлекеттик тил айлыгы “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө”, “Улуттук нарк жөнүндө”, “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужол Жарлыктарын жана 2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн Концепциясын, Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасын жетекчиликке алуу менен өткөрүлөт.



Ал эми айлыктын ачылышы окуу мекемелерде 9-сентябрь Комуз күнү менен бирдикте жогорку уюшкандыкта өткөрүлүп, улуттук ыр-күүлөрдөн баштап, Манас айтуу, улуттук оюндар менен коштолду жана даамдар таратылды. Айлыктын алкагында өткөрүлүүчү иш-чаралардын планы бекитилди. Алдыда түрдүү багыттагы мелдештер, сынактар жана кечелер өткөрүлөт.
Жеңишбек АБДИНАЗАРОВ, “Сапат” Эл аралык билим берүү мекемесинин
кыргыз тили жана адабияты координатору
Комментарийлер