САМАРКАНД САПАРЫ: БАЛАНЫН УКУГУ, САПАТТУУ БИЛИМ ЖАНА ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕК

  • 22.10.2026

Самарканд шаарында өтүп жаткан «Балдардын бакубаттуулугуна инвестиция салуу: келечек муундардын туруктуу жана адилеттүү өнүгүүсүнө карай жол» аттуу Дүйнөлүк саммитке Кыргыз Республикасынын Агартуу министри Догдүркүл Кендирбаева катышууда.

Эл аралык форумдун алкагында Кыргызстандын балдардын укуктарын коргоо жана бакубаттуулугун камсыз кылуу багытындагы демилгелери белгиленип, Өзбекстан менен билим берүү тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды. САМАРКАНД САПАРЫ: БАЛАНЫН УКУГУ, САПАТТУУ БИЛИМ ЖАНА ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕК
2026-жылдын 21-октябрында башталган саммитке дүйнөнүн 70тен ашуун өлкөсүнөн биринчи айымдар, жогорку даражалуу мамлекеттик ишмерлер, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана эксперттер катышууда. Форумдун негизги максаты — балдардын бакубаттуулугун камсыз кылуу, сапаттуу жана инклюзивдүү билим берүүнү өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, социалдык коргоо жана ар бир баланын ар тараптуу өнүгүүсүнө тең мүмкүнчүлүктөрдү түзүү маселелерин талкуулоо.

Саммиттин алкагында ЮНИСЕФтин Европа жана Борбордук Азия боюнча регионалдык директору Эдуард Бегбедер жана уюмдун балдарды коргоо маселелери боюнча глобалдык директору Шима Сенгупта Кыргызстандын балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева, Агартуу министри Догдүркүл Кендирбаева, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиев жана Саламаттыкты сактоо министри Дамирбек Осмонов менен жолугушту.  САМАРКАНД САПАРЫ: БАЛАНЫН УКУГУ, САПАТТУУ БИЛИМ ЖАНА ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕК

Жолугушууда Кыргызстандын балдардын укуктарын коргоо жана алардын бакубаттуулугун камсыз кылуу багытындагы иш-аракеттери белгиленди. Атап айтканда, «Бала ырысы» универсалдуу балдар жөлөкпулу, балдарды коргоо жаатында социалдык кызматкерлерди даярдоо программасы жана «Алтын казык» билим берүү программасынын алкагында жүргүзүлүп жаткан өзгөрүүлөр талкууланды. САМАРКАНД САПАРЫ: БАЛАНЫН УКУГУ, САПАТТУУ БИЛИМ ЖАНА ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕК
Ошондой эле балдардын өлүм көрсөткүчүн азайтуу, иммунизациялоонун камтуусун кеңейтүү жана балдарды коргоо системаларын чыңдоо боюнча иштерге көңүл бурулду. ЮНИСЕФ Кыргызстандын балдарга инвестиция салууга багытталган аракеттерин жогору баалап, Агартуу министрлиги, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги менен өнөктөштүктү улантууга даяр экендигин билдирди. Бул кызматташтык ар бир баланын жашоосун, билим алуусун, корголушун жана ар тараптуу өнүгүүсүн камсыз кылууга багытталган. САМАРКАНД САПАРЫ: БАЛАНЫН УКУГУ, САПАТТУУ БИЛИМ ЖАНА ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕК
Эл аралык саммиттин алкагында Кыргызстандын Агартуу министри Догдүркүл Кендирбаева менен Өзбекстандын премьер-министринин биринчи орун басары — билим берүү жана илим министри Эркинжон Турдимовдун эки тараптуу жолугушуусу да болуп өттү. Ага Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Дүйшөнкул Чотонов жана Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Назира Дюшеева катышты. САМАРКАНД САПАРЫ: БАЛАНЫН УКУГУ, САПАТТУУ БИЛИМ ЖАНА ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕК
Жолугушууда кыргыз-өзбек билим берүү тармагындагы кызматташтыктын учурдагы абалы жана аны мындан ары өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү каралды. Тараптар кадрларды даярдоо, адистердин квалификациясын жогорулатуу, билим берүү системасын санариптештирүү жана туризм тармагындагы кызматташтык маселелерин талкуулашты.
Мындан тышкары, эки өлкөнүн билим берүү уюмдарынын ортосундагы байланыштарды кеңейтүү, биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу, санариптик технологияларды окуу процессине киргизүү жана окутуунун заманбап формаларын өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашуунун мүмкүнчүлүктөрүнө токтолушту. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар билим берүү тармагындагы артыкчылыктуу багыттар боюнча кызматташтыкты чыңдоого жана конструктивдүү диалогду улантууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.
Кыргызстандын дүйнөлүк саммитке катышуусу балдардын укуктарын коргоо, алардын сапаттуу билим алуусуна жана ар тараптуу өнүгүүсүнө шарт түзүү боюнча эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө, ошондой эле билим берүү тармагындагы алдыңкы тажрыйбаларды өздөштүрүүгө багытталган.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү