САЛТТУУ БИЛИМДЕР — КЕЛЕЧЕК МУУНДУН БАА ЖЕТКИС ЭНЧИСИ

  • 15.07.2026
  • 0

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «Кыргызстандын материалдык жана материалдык эмес маданий мурастарын сактоо» аттуу маданий-агартуу иш-чарасы уюштурулду.

Бул салтанаттуу жыйынга Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, илимпоздор, маданият өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле жогорку окуу жайлардын окутуучулары менен студенттери катышты.САЛТТУУ БИЛИМДЕР — КЕЛЕЧЕК МУУНДУН БАА ЖЕТКИС ЭНЧИСИИш-чаранын негизги максаты — кыргыз элинин материалдык жана материалдык эмес маданий мурастарын коргоо, аларды кеңири жайылтуу, улуттук кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү жана салттуу билимдерди өсүп келе жаткан кийинки муундарга өткөрүп берүү. Ошондой эле элдик оозеки чыгармачылыктын туу чокусу болгон манасчылык, төкмөлүк жана жомокчулук өнөрүн даңазалоо болуп саналат.

Программанын алкагында таанымал манасчылар улуу «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү көркөм аткарып, төкмө акындар менен жомокчулар өз өнөрлөрүн тартуулашты. Муну менен катар «Боз үйдөгү маек» маданий-агартуу программасы уюштурулуп, анда катышуучулар кыргыз элинин салттуу жашоо-турмушу, улуттук баалуулуктары жана руханий мурастары тууралуу кеңири маалымат алышты.САЛТТУУ БИЛИМДЕР — КЕЛЕЧЕК МУУНДУН БАА ЖЕТКИС ЭНЧИСИОшондой эле элдик усталардын жана кол өнөрчүлөрдүн атайын көргөзмөсү өтүп, анда улуттук буюмдарды жасоонун байыркы жана заманбап ыкмалары көрсөтүлдү.

Бул маанилүү маданий саамалыкты университеттин Э. Маанаев атындагы Тарых жана башкаруу институту уюштурду.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер