САЛАМАТСЫҢБЫ, ФЕСТИВАЛЬ!

  • 12.10.2022
  • 0

Бүгүн Ош шаарында Билим берүү жана илим министрлиги «Алтын түйүн» УБИТА менен бирге уюштурган «Креативдүү технологиялар кербени» өз ишин баштады. Ага Кыргызстандын 7 дубалынан, Россия Федерациясынын Санкт Петербург, Волхов, Удмуртия, Архангельск шаарларынан өкүлдөр келишти. 

САЛАМАТСЫҢБЫ, ФЕСТИВАЛЬ!

Фестивалдын программасы өтө кеңири: расмий ачылышынан кийин педагогдор жана окуучулар үчүн ар түрдүү темадагы панелдик дискуссиялар, мастер-класстар өткөрүлөт. Айрыкча жаш жаратмандарга арналган темалар өтө кызыктуу. Катышуучулар сайт түзүү, интернет айдыңындагы реклама жана маркетинг ж.б. көптөгөн өтө пайдалуу темаларга күбө болушат.

Уюштуруучуларга М.Адышев атындагы ОшТУнун, А.Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин жетекчиликтери жакындан жардам беришүүдө.

Айнагүл Кашыбаева,

«Кут Билим «

Бөлүшүү

Комментарийлер