САЛАМ, БИШКЕК!

  • 26.04.2019
  • 0

“Биринчи мугалим” сынагынын үч жеңүүчү мугалими классындагы окуучулары менен борбор калаабыз Бишкекке экскурсияга келип кетишти.

САЛАМ, БИШКЕК!

Санжарбек Данияровдун коомдук фонду уюштурган “Биринчи мугалим” сынагынын байгеси – Бишкек шаарына үч күндүк экскурсия өткөн жылы Баткен облусундагы Чечме, Талас облусундагы Ак-Дөбө жана Ысык-Көл облусундагы Челпек айылдарындагы мектепте башталгыч класстардын үч мугалимине ыйгарылган.

Санжарбек Данияровдун коомдук фондунун негиздөөчүсү Асель Даниярова элет мектептеринде башталгыч класстарга сабак берген мугалимдерге колдоо көрсөтүү максатында уюштурулуп келаткан бул сынак быйыл сегизинчи жолу өткөрүлүп жатканын айтты.

— Быйыл сынактын былтыркы жылдагы жеңүүчү мугалимдери өздөрүнүн окуучуларынан тышкары ата-энелер комитетинин өкүлдөрү менен келишти. Быйыл үч класс боюнча жалпысынан 66 окуучу келди. Жыл сайын биз экскурсияны күндүн жылуу кезине тууралап, атайын келерки жылы уюштурабыз. Анын үстүнө бир чети башталгыч класстын окуучуларынын жаш курагы да кичине, бир чети кээ бирлери алыскы  аймактардан алыс жол басып келишет. “Биринчи мугалим-2018” сынагында баш байгени Кадам-Жай районунун Чечме айылындагы мектептин башталгыч классынын мугалими Динара Камбарова жеңип алган. Экинчи орунга Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылындагы мектептин мугалими Фарида Суранчиева, үчүнчү орунга Ак-Суу районунун Челпек айылындагы мектептин мугалими Назира Ашымова татыктуу болушкан. Андан тышкары, баш байгени жеңип алган мугалим күз айларынын биринде Москва шаарына маданий-маалымат арттыруучу 10 күндүк саякатка барат,-деди Асель Санжарбековна.

Жаздын эң кооз учуруна туш келген үч күндүк экскурсия учурунда ар кайсы аймактардан келген окуучулар баш калаабыздагы кооз-кооз жайларды, тарыхый эстеликтерди кыдырышып, музей-театрларга барышты.

Баш байге ээси Динара Камбарова 15 жылдан бери Баткен облусуна караштуу Кадам-Жай районунун Чечме айлындагы №37 1-Май орто мектебинде башталгыч класстын балдарына сабак берет. Окуучулары эле эмес, өзү алгач келип жаткан борбор шаарындагы маданий эс алуу учурунда көргөндөрүнө жетине албай, балдарынан ашып кубанып турду.

— Ушул саякатка 18 окуучу жана ата-энелер комитетинин үч өкүлү менен келдик. Балдарым эле эмес, өзүм да алгачкы жолу келип жатам. Ал эми балдарымдын эмоциясын сөз менен айтып жеткире албай турам. Алар биринчи жолу самолетко, эки кабат комфортабелдүү автобуска жана универсалдуу дүкөндөгү эскалаторго түшкөндүктөрүн айтып жетине албай жатышат. Экскурсиянын программасы аябай сонун уюштурулуптур. Адегенде Муса Жангазиев атындагы куурчак театрынан “Баарын билгим келет” спектакль көрүп, көшөгө артындагы артисттердин, куурчактардын жашоосу менен тааныштык. Ошондой эле таанышуу Опера жана балет театрында болду. Театрдын кызматкери Маркабай Ааматов балдарга театр жөнүндө кыскача айтып берди. Ошондой эле Ала-Тоо аянтын кыдырып, Кожомкул балбандын, Токтогул Сатылгановдун жана Бүбүсара Бейшеналиеванын эстеликтеринин алдында сүрөткө түшүп, Эмен паркында сейилдедик. Биз үчүн чыныгы маданий эс алуу болду,-деп алган таасирлеринен бөлүштү.

Экскурсиянын программасына балдар үчүн Ала-Тоо аянтындагы нөлдүк километр, Чыңгыз Айтматовдун эстелиги жана дагы флагштоктогу Улуттук гвардиянын аскерлеринин кароол алмашуу салтанаты балдарга эстен кеткис сезимдерди калтырды. Кароол алмашуу салтанатын көргөндөн кийин толкунданган балдар дароо Кыргызстандын Гимнин ырдашып, Манас баатырдын эстелигинин алдында манас эпосун айтып беришти.

Баткендин Чечме айылынан келген кичинекей саякатчы Тунукайга экскурсиянын үчүнчү күнү Бишкек шаардык универсалдык дүкөндүн (ГУМ) бешинчи кабатында уюштурулган “Жандуу экзотика” чакан бурчундагы тотукуш, ташбака жакканын айтса, Жасминага маймыл, коен өзгөчө кызыктуу көрүндү, бирок баары бир ооздон самолетко түшкөндөгү сүйүнүчүн жашыра алышкан жок. Бул жаныбарлар бурчундагы чоң-кичине  жыландар, кескелдириктерди көргөндө кыздар анча-мынча чоочуганы билинсе, сыр бербей компойгон балдар кармалап да көрүп жатышты.

Таластан келишкен үчүнчү класстын окуучуларына жаныбарлар бурчунан да БИК музейи – Балдардын илимий комплекси кызыктуу болду окшойт. Ал жерде балдар физика, химия мыйзамдарынын, астрономия сырларын, фокустар шоусун көрүштү. Белгилей кетчү жагдай, бул жылы БИК музейине балдарды бекер киргизишти.

Кичинекей бөбөктөр менен экскурсия өткөрүү канчалык машакаттуу экени маалым го, андыктан Асель Санжарбековнага жыл сайын ыктыярчылар жардамга келишет. Мында да ыктыярчылар Билайн компаниясынын кызматкери Курманбек Жаанбаев, КЭУнун студенттери Арзыгүл Оморова менен Нурболот Жаныбек уулунун жакындан жардамы болбосо, коштоп келген ата-энелерге деле бир топ кыйын болмок. Ыктыярчылардын бири Нурболот фонд уюштурган экскурсияга былтыртан бери жардамдашып жүрөт.

— КЭУнун төртүнчү курсунда окуйбуз. Азыр практикада жүргөн учурубуз, Арзыгүл экөөбүз фондго бир аз да болсо пайдалуу салым кошкубуз келет. Бизге айрыкча Асель Санжарбековнанын жаш муундарды ушундай саякатка алып чыгып, “ балдар кызыктуу нерселерди көрүшсүн, билишсин” деген идеясы жагат. Санжарбек Данияровдун коомдук фонду аркалаган милдет өтө керектүү. Балдар менен иштеген аябай жооптуу, кыйын экенин көрүп, мугалимдердин эмгегин баалап жатабыз,-дейт Нурболот.

Жеңүүчү мугалимдин бири Назира Асанбековна иштеген мектеп М.Рахимова атында болгондуктан, Магрифа Рахимованын небереси Айганыш Акиева жана чөбөрөсү Аиша атайын учурашканы келишкен экен. Алар сынактагы байгелүү орду менен куттукташып чоң энеси жөнүндөгү китепти белекке тапшырышты.

Алыскы үч аймактан баш калаага келишкен жаш саякатчылардын экскурсиясы фондго жардам иретинде түшкү тамактарын арзан уюштуруп беришкен “Чемпион” кафесинде аяктады. Кафенин кызматкерлери даярдашкан даамдары биздин кичинекей саякатчыларга аябай жакты, балдар айрыкча аягындагы таттуу токочтору өзгөчө даамдуу экендигин белгилешти.

 

Айнагүл Кашыбаева,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер