САДЫР УУЛУ РУСЛАН ЖУМГАЛ РАЙОНДУК БИЛИМ БЕРҮҮ БӨЛҮМҮНҮН БАШЧЫСЫ БОЛДУ

  • 24.04.2025
  • 0

САДЫР УУЛУ РУСЛАН ЖУМГАЛ РАЙОНДУК БИЛИМ БЕРҮҮ БӨЛҮМҮНҮН БӨЛҮМҮНҮН БАШЧЫСЫ БОЛДУ

САДЫР УУЛУ РУСЛАН ЖУМГАЛ РАЙОНДУК БИЛИМ БЕРҮҮ БӨЛҮМҮНҮН БАШЧЫСЫ БОЛДУ
Садыр уулу Руслан 1979-жылы Жумгал районундагы Чаек айылында төрөлгөн 1986-жылы Чаек айылындагы М.Алыбаев атындагы орто мектебине кирип, 1996-жылы Ак-Татыр орто мектебин ийгиликтүү бүтүргөн. 1996-1999-жылдары Бишкек шаарындагы медициналык окуу жайында окуган. Андан соң И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик педагогикалык Университетинде окуп, биология мугалими, кошумча эколог адистиги боюнча жогорку билимге ээ болгон. Эмгек жолун 2000-жылы Чүй облустук санитардык-эпидемиологиялык станциясында жооптуу кызматкер болуп  иштөө менен баштаган.2014-жылдан бери Жумгал райондук билим берүү бөлүмүндө башкы адис болуп эмгектенип келген. Мамлекеттик жана жарандык кызматтын 2-класстагы  инспектору.Үй-бүлөлү эки уул, эки кыздын атасы.

Кенжебай Кыдыров,

Журналисттер союзунун Нарын облусу боюнча төрагасы

Бөлүшүү

Комментарийлер