САБАК ӨТҮҮНҮН НАТЫЙЖАЛУУ УСУЛДАРЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 14.12.2021
  • 0

2021-жылдын 14-декабрында Аксы районундагы Ыман Акылбеков атындагы орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты мугалимдеринин райондук семинары болуп өттү.

САБАК ӨТҮҮНҮН НАТЫЙЖАЛУУ УСУЛДАРЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

Семинарда аталган мектептин мугалимдери: Жунусалиева Асила 10-класска «Фонетика боюнча кайталоо», Көбөева  Айзада 8-класска «Сүйлөмдүн  айтылыш максатына карай бөлүнүшү», Райымбердиева Базаргүл 7-класска «Мезгил тактооч», Сооронбаева Чолпон 6-класска «Төлөгөн Касымбеков — кара сөздүн устаты», Курманалиева Жибек 6-а класска  «Ныязалы Борош уулуна 165 жыл» деген темаларда сабактарды өтүү менен өз тажрыйбаларынан бөлүшүп, сабак өтүүнүн натыйжалуу усулдары жөнүндө талкуулар уюштурулду. Мындан сырткары, окуучуларды олимпиадаларга даярдоо боюнча пайдаланган мыкты ыкмалар ортого салынды. Сабак өтүүдө санариптик технологияларды колдонуунун жолдору да көрсөтүлдү.

САБАК ӨТҮҮНҮН НАТЫЙЖАЛУУ УСУЛДАРЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

Матен Сыдыков атындагы орто мектептин мугалими Шадиева Мадина окуучуларды жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоодогу өз иш тажрыйбасынан бөлүштү. Андан кийин Төлөгөн Касымбековдун жана Ниязалы Борош уулунун мааракелерине карата «Аксыдан чыккан таланттардын нечени, Даңктайбыз биз Ныязалы, Төкөмү» деген темада адабий-музыкалык иш-чара көрсөтүлдү.

САБАК ӨТҮҮНҮН НАТЫЙЖАЛУУ УСУЛДАРЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

Семинардын соңунда катышуучулар тарабынан жылуу пикирлер, айрым сунуштар айтылып, бул күнкү семинар «эң жакшы» деп бааланды. Семинардын ишине Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Жороева Жамила жетекчилик кылды.

Узен Атаканов, Аксы району

Бөлүшүү

Комментарийлер