“РУССКИЙ ЯЗЫК И ЧТЕНИЕ. АЗБУКА” ОКУУ-МЕТОДИКАЛЫК КОМПЛЕКСИ БАСЫЛЫП ЧЫКТЫ
- 01.08.2024
- 0
Окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн жалпы билим берүү уюмдары үчүн М.В. Бойкинанын “Русский язык и чтение. Азбука” окуу-методикалык комплекси 134 миң 130 нускада басылып чыкты.
Бул окуу китебинин 1-2-бөлүгү – 66 000 нускадан, мугалимдер үчүн методикалык колдонмо – 2 130 нускада жарыкка чыкты.
Китептер “Учкун” ААКнын басмаканасында даярдалып, республикалык бюджеттен каржыланды. Басылып чыккан китептер бүгүндөн тартып бардык билим берүү бөлүмдөрүнө жеткирилет.
Буга чейин 2024-жылы республикалык бюджеттен өлкөнүн билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоого 152 000 600 сом каралганы айтылган. Бүгүнкү күндө бул каражаттын дээрлик 95 пайызы өздөштүрүлгөн.
Эльвира Какиева, «Кут Билим»
Бөлүшүү
Комментарийлер