РУМЫН ӨКМӨТҮНҮН СТИПЕНДИЯЛЫК ПРОГРАММАСЫНА КАТЫШУУГА СЫНАК ЖАРЫЯЛАНДЫ

  • 16.12.2020
  • 0

Кыргызстандыктар 2021-2022-окуу жылында Румыния мамлекетинин жогорку окуу жайларында акысыз билим алуу үчүн жарыяланган сынакка катыша алышат.

Эскертүү: Аталган гранттар Румын Өкмөтүнүн стипендиялык программасынын чегинде бөлүнөт. Стипендиялык программанын башкаруусун Румыниянын Тышкы иштер министрлиги жүргүзөт.

Документтер талапкерлер тарабынан электрондук же кагаз түрүндө (мүмкүн болушунча электрондук форматта) Румыниянын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү аркылуу гана берилиши керек.

Грантка төмөнкү окуу программаларына тапшырса болот:

  • Бакалавриат (3-6 жыл);
  • Магистратура (1,5-2 жыл);
  • Докторантура (3-5 жыл).

Документтерди кабыл алуу мөөнөтү 2021-жылдын 30-апрелине чейин.

Грант ээлерине Румын Өкмөтү тарабынан төмөнкү шарттар каралган:

  • Акысыз окуу;
  • Жатакана (бош орундар бар болсо);
  • Медикалык камсыздандыруу (өзгөчө кырдаалда);
  • Жергиликтүү транспорттук чыгымдар;
  • Ай сайынкы стипендия (бакалавриат программасынын студенттерине 65 евро, магистратура программасынын студенттерине 75 евро жана докторантура программасынын студенттерине 85 евро).

Стипендия Румыниядагы университетке чейинки эл аралык жана ички транспорттук чыгымдарды жаппайт.

Талапкерлерге коюлган талаптар:

Негизги талап кылынган документтердин тизмеси:

  • Румынияда стипендия алуу үчүн өтүнмөнүн формасы жана кабыл алуу жөнүндө кат берүү үчүн өтүнмө толугу менен толтурулуш керек. Өтүнмөнүн формасын http://www.mae.ro/sites/default/files/file/anul_2020/pdf_2020/2020.11.13_appendix_1_-_application_form.pdf (pdf)
    https://drive.google.com/file/d/1nSRExzvnMZY9sFZxwD7WPjH2oUrCPnR1/view?usp=sharing (Word) шилтемеси аркылуу жүктөсө болот.
  • Алынган дипломдордун көчүрмөлөрү (бакалавриат, магистратура, докторантуранын дипломдору англис, француз же румын тилдерине которулуп, нотариус тарабынан күбөлөндүрүлүш керек);
  • Академиялык транскрипттин көчүрмөлөрү (англис, француз же румын тилдерине которулуп, нотариус тарабынан күбөлөндүрүлүш керек);
  • Туулгандыгы жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү (же ага барабар документ) англис, француз же румын тилдерине которулуп, нотариус тарабынан күбөлөндүрүлүш керек;
  • Жалпы жарандык паспорттун алгачкы үч барагынын көчүрмөсү;
  • Резюме (англис же француз тилинде EuroPass форматында болушу зарыл). Резюменин формасын http://www.mae.ro/sites/default/files/file/anul_2020/pdf_2020/2020.11.13_appendix_2_-_europass_cv_en.pdf (pdf)
    https://drive.google.com/file/d/1gna5YtmRjc-BP7mZjjyBh2muW9HF0V3C/view?usp=sharing (Word) шилтемеси аркылуу жүктөсө болот. Докторанттар англис, француз же румын тилинде Румыниянын жождорунда окууганга ниети бар жөнүндө кат тиркеш керек.

Документтерди кантип тапшырса болот?

Документтер талапкерлер тарабынан электрондук же кагаз түрүндө (электрондук форматта) Румыниянын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү аркылуу гана берилиши керек.

Өткөн талапкерлердин тизмеси жыл сайын 15-июлда Румыниянын Тышкы иштер министрлигине документтерин тапшырган ар бир дипломатиялык миссия тарабынан жарыяланат.

Румынияда окуу жылы негизи 1-октябрда башталат.

Румыния Өкмөтүнүн стипендиялык программасы жөнүндө толук маалыматты расмий сайтынан билсе болот http://www.mae.ro/en/node/10251 (“Рrоgrаm information” бөлүмүндө).

Пайдалуу шилтемелер:

КР ББИМдин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер