РОЗА ОТУНБАЕВА: “САНАРИП ТУРМУШУБУЗДУ ЖЕҢИЛДЕТЕТ”

  • 05.03.2019
  • 0

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү, экс-президент  Роза Отунбаева  И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетинин студенттери менен болгон жолугушууда ООНдун Генералдык Ассамблеясы 2030-жылга чейинки туруктуу өнүгүүнүн жаӊы максаттарын кабыл алганын, анын ичинен көп максаттар (17 максат) адамдардын жашоосун жакшыртууга, социалдык, экономикалык жана экологиялык көйгөйлөрдү чечүү, билим берүү  ж.б.у.с. камтылганына  токтолду. Эн башкысы, жаштарды санариптештирүүнү жакшы түшүнүп, аны турмушта пайдаланууга чакырды.

РОЗА ОТУНБАЕВА: “САНАРИП ТУРМУШУБУЗДУ ЖЕҢИЛДЕТЕТ”

Дүйнө жүзү санариптештирүү менен алдыга жылууда

Экс-президент жаштар, коомчулук дүйнө жүзү баскан жол менен басыш керек экенине токтолду.

  • 1992-жылдан баштап Кыргызстан БУУнун мүчөсүбүз. Бир жылда бир жолу өлкө башчылары Нью-Йоркто чогулат. Ошол жерде трибунага чыгып, ар бири дүйнөдөгү окуяларга өздөрүнүн көз караштарын айтышат. Кыргызстандын да 2030-жылга чейинки  стратегиялык максаттары бар. Ошол программада көрсөтүлгөн 17 максатты баарыбыз билишибиз керек. Силер билесиңерби? Тарых факультетинин студенттерин түндө тургузуп, 17 максатты айткылачы десе, ойлонбой туруп айтышыңар керек. Биз жаңы мамлекетпиз. Бизди Орто Азия чөлкөмү деп коет. Биз коңшуналар кантип жашап жатышканын билбейбиз. Жакында эле Арменияга барып, алар кантип өнүгүп жатканын көрүп келдик, — деди Роза Исаковна.

Армениянын өзүндө үч миллион адам жашаса, сыртка чыгып кеткендердин саны жети миллиондон ашык экен. Ошол сыртта иштеп, жашап жүргөн армяндар фонд түзүп, дүйнө жүзүндөгү жакыр өлкөлөргө, качкындарга жардам берет экен.

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду Армениянын билим берүүдөгү өнүгүүсүн көрүп келишкен. Анткени Кыргызстанда алты миллиондун ичинен 1 млн. ашык мектеп окуучулары. Жылдан жылга балдардын саны өсүп жатат. Эгерде мурда 1-класска  100 миң эле бала барса, эми 150 миң бала барат. Ошондуктан балдарды окутуу, аларга сапаттуу билим берүү – башкы милдет. Андан соң Р.Отунбаева сөздү фонддун директору Догдуркүл Кендирбаевага узатты.

— Арменияга Роза Исаковна жол чаап берди. Аскар Салымбековдун коомдук фонду менен чогуу бардык. Армениянын өзгөчө өнүккөнүнө маани бербептирбиз.

Армениянын биринчи өзгөчөлүгү – бир дагы таштанды жок. Ар бир инсандын өлкөнү сүйгөндүгү көрүнүп турат. Экинчи чоң баалуулук – мен армянмын деп, муундарды өзгөртпөй сактаганын бааладык. Армян тилин жок кылбай сактап келатат, ошону менен бирге орус, англис тилин билишет. “Идея” деген коомдук фондунун иши менен толук тааныштык. Анын максаты – жергиликтүү калкты жана эл аралык топторду камтып,  экономикалык-социалдык өнүгүщүнө олуттуу салымдарды кошууну көздөйт. Келечекте Арменияны дүйнөдөгү ири өнүккөн өлкөлөргө жеткирүү экен. Бул уюм туризм, шаардын инфраструктурасын өнүктүрүү, маданий мурастарды, өзгөчөлүктөрдү сактап калуу, билим берүү технологияларын киргизүү, кантип аларды өнүктүрүп ж.б.у.с. багытта иш алып барат. Бүгүнкү күнү 30тан ашык өнөктөштөрү бар. Армениянын өнүгүшүнө 530 млн. АКШ долларын дүйнө боюнча колунда бар  адамдар топтоп келип, өнүгүүгө салып жатыптыр.  Дүйнө жүзү боюнча 500төн ашык ири донорлору бар экен.  — деди Д.Кендирбаева.

Рубен Барданян түзгөн “Идея” уюмунун офиси эң акыркы технологиялар менен жабдылыптыр. Ал жерде бала бакчадан баштап жогорку окуу жайларга чейин ачык мейкиндик, ачык баарлашуу принциби иштейт экен. Экинчи өзгөчөлүгү – таштанды таштоочу өзүнчө бөлүк-бөлүктөн турган контейнерлер бар. Арменияда өлкөнү сүйүү, ага кам көрүүдөн башталат экен.

РОЗА ОТУНБАЕВА: “САНАРИП ТУРМУШУБУЗДУ ЖЕҢИЛДЕТЕТ”

  • Кыргызстанда жалпы дүйнөлүк билим берүү системада инсандарды даярдоонун үч багыты бар: репродуктивдүү, продуктивдүү, креативдүү. Азыр креативдүү адистерди талап кылып жаткан мезгил. А биз бүгүнкү күндө билим берүү системасында репродуктивдүү же кайталамоо, 20 жыл өтүп кеткен адистиктерди, же бүгүн алган билимиң эртең эч жакка жарабаган кесиптерге басым жасап жатабыз. Арменияда кайсы гана окуу жайдын студенти болбосун аларды тандап алып, бир жыл бою илимге багыттоо боюнча окутат экен. Бирок бир кемчилик бар экен, кыска мөөнөттө эле бир сертификатты алып, мен билем, программист болдум деп, негизги окуусун таштап кетет экен. “Беш жыл окуп, диплом алаарда ал билим өлүп калат”, — дешти армяндар. “Мхитар Себастаци” жалпы орто мектеби биздин ОТКдан түп тамырынан бери айырмаланат экен. Бул мектептин бир өзгөчөлүгү — класстарды бөлгөн дубалдарды алып салышыптыр. Балдар ачык мейкиндикте билим алышат экен. Башталгыч класска 3 жаштан баштап алышат. Үч жаштагы балдарга компьютер берип, сүрөт тартканды үйрөтүшөт экен. Компьютер менен иштегенди үйрөнүшөт. Ошол 3-4 жаштагы балдар программанын элементтерин түзө башташат экен, — деди Догдуркүл Кендирбаева.

Инновация өтө маанилүү

Армения дүйнө жүзүндө он инновациялык өнүккөн мамлекеттердин арасына киребиз деп аракет кылып жатышыптыр.

  • Инновация деген сөз өтө маанилүү. Биз айтып жатабыз, билим берүү системасында реформа жок деп. Армениянын сырттагы байлары мектептерди куруптур. Азыр окусак да жаңы имараттарда окуш керек экен. Эски имараттарда балдарды окута албайбыз. Адамдардын умтулуусу башкача — эркин сезиши керек, ачылышы керек. Буга архитектура жана адам отурган жери көмөк болот экен. Армения креативдик экономиканы курабыз деп жатышат. Креативдүү экономика деген эмне?  2000-жылдары Улуу Британияда чоң кризистен кийин  экономиканы кантип жылдырабыз деп ойлонушкан. Көрсө, музыка аркылуу эле көтөрсө болот экен.  Англиялык музыка дүйнө жүзүнө кетип, ошондон алар кирешеси бир топ жогору, — деди Роза Отунбаева.
  • РОЗА ОТУНБАЕВА: “САНАРИП ТУРМУШУБУЗДУ ЖЕҢИЛДЕТЕТ”

Кыргызстанда программисттерди даярдоо зарыл

Дүйнө жүзүндө программисттер жетишпейт.  Учурда 10-13 млн. программист болсо,  келээрки он жылда 15 эсе жетишпей калат экен. Кыргызстанда №98 эле  кесиптик-техникалык окуу жай даярдайт.

  • Бангладеште туулган Салманхан деген жигит бардык сабактарды (математика, биология, информатика, англис тили ж.б.у.с.) компьютерге салып койгон. Гений. Керек болсо Билл Гейтс өзүнүн балдарын ушул Салманхандын программасы менен окутат экен. Мугалим бир жолу түшүндүрөт, эки түшүндүрөт, анан жини келет. Ал эми компьютерде окуганда эч ким сени басмырлабайт, түшүнбөй калсаң кайра-кайра кайталап, чайнап, майдалап берет. Бул программалар орус тилинде дагы бар, — деди экс-президент. — Санариптештирүү деген — бул онлайн төлөө. Кыргызстанда 5% эле адам онлайн режиминде төлөйт экен. Санариптештирүүнүн эмне кереги бар, эмне пайдасы бар? Акча деген экономиканын каны. Кан жүгүрө баштайт. Кытай, Россия, Түркия, Польша – онлайн төлөмдөрү жогору өлкөлөрдүн ичине кирет. Бардык төлөмдөр карточка аркылуу гана жүргүзүлөт. Накта акча экономиканы артка тартат.

Тил билсең, дил билесиң

  • Дүйнө жүзү англис тилинде сүйлөшөт. Студенттер күнүгө 50 сөздөн үйрөнүш керек. Компьютер аркылуубу, радиобу же телевизордонбу, айтор, күнүгө англис тилин угушуңар зарыл. Армяндар баары эле англис тилине өтүп кетишкен, — деди Роза Исаковна.

Андан соң Роза Исаковна музей маселесине токтолду. Тарыхчыларды музей уюштурууга чакырды. Маселен, М.Фрунзе атындагы музей жөн эле турганын айтып, анын ордуна этнографиялык музей уюштуруу керек экенине басым жасады.

  • М.Фрунзе музейи тууралуу чоң макала жаздым. Бул музей тура бербеш керек, аны этнографиялык музей кылышыбыз керек. Россияда Сталинди, Ленинди алып салышты. Облустарда музей аттуу жок. Маданияттуу улут болобуз десек, музейлерди өнүктүрүшүбүз керек. Жалал-Абадда, Баткенде музей аттуу жок, — деди экс-президент. — Чет мамлекеттен келген турист эң алгач музей издейт. Музей — бул маданияттын, илимдин жана билимдин иши. Кыргызстан айыл чарбанын мекени, бирок, жүн, пахта сыяктуу тармактар тууралуу маалымат берген музей жок. Музейлерди ачуу тарыхчылардын парзы.
  • РОЗА ОТУНБАЕВА: “САНАРИП ТУРМУШУБУЗДУ ЖЕҢИЛДЕТЕТ”

Жолугушуунун соңунда студенттер Роза Исаковнага келип акыл-насаат, кеп-кеңештери менен бөлүшкөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, ага чакан белегин тапшырышты.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер