РОЗА ОТУНБАЕВА: «КЫРГЫЗСТАНДА АКЫЛДУУ МЕКТЕП ЖОК»

  • 05.02.2020
  • 0

«Р.Отунбаеванын  демилгеси» эл аралык фондунун VIII Билим берүү фестивалын утурлап, өткөн аптада экс-Президент Роза Отунбаева  санарип сабаттуулук боюнча жогорку класстын окуучулары менен «Z мууну менен конокто кезигишүү” деген темада жолукту.

РОЗА ОТУНБАЕВА: «КЫРГЫЗСТАНДА АКЫЛДУУ МЕКТЕП ЖОК»

Ириде Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Наталья Васильевна Никифорова сөз алып, сегизинчи жолу ушундай чоң иш-чарада башкармалык фондго өнөктөш болуп жатканына ыраазычылыгын билдирди.

РОЗА ОТУНБАЕВА: «КЫРГЫЗСТАНДА АКЫЛДУУ МЕКТЕП ЖОК»

  • Санарип сабаттуулук боюнча миңдеген окуучулар бул иш-чарага катышат. Учурда балдар ата-энеден, ата-эне мугалимден сабаттуу болуп чыга келишти. «Р.Отунбаеванын демилгеси» эл аралык фонду жаңы ийгиликтер жөнүндө билүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзүп беришүүдө, — деди Н.Никифорова.

Андан соң сөз экс-Президент Роза Отунбаевага берилип, ал учурда калктын 65% айылда, ал эми 35% шаарда  жашаарын белгиледи.

  • Айылда эле эмес, шаардын четинде жайгашкан конуштардагы айрым балдар, мугалимдер санарип технология менен иштегенди билишпейт. Азыр доор ушундай, баарыбыз санарип боюнча сабаттуу болушубуз керек. Көбүнчө мугалимдердин өзүнүн электрондук почтасы жок. Почта маалыматты тез жеткирет. Уюлдук телефон боюнча да түшүнүктөрү жок. Бүгүн биз мобилдик банкинг жөнүндө кеп кылып атабыз. Финансылык экономикага кагазсыз, акчасыз жылышыбыз керек. Чөнтөгүбүздөн тыйын, акча сууруп чыкпай, баары телефондо болушу зарыл. Азыр, керек болсо шакекче бар. Супермаркеттерде кассанын жанына шакекчени тийгизип коюп, чыгып кетсе болот. Маселен, Россия, Кытай,Түркия мамлекеттеринин калкынын  90%нын акчалары мобилдик банкта. Акча деген экономиканын каны. Андыктан ал тез кыймылдап турушу керек. Ошондо гана экономиканын көлөмү өсүп турат. Эмне үчүн чет мамлекеттерде тез сатууну жакшы көрүшөт. Анткени экономика алдыга жылып, баары тез-тез сатылып турат. Келечекте бизде дагы ушундай экономика болушу керек, — деди экс-Президент.
  • РОЗА ОТУНБАЕВА: «КЫРГЫЗСТАНДА АКЫЛДУУ МЕКТЕП ЖОК»

Андан соң Роза Исаковна Кыргызстанда бир дагы акылдуу мектеп жок экенине токтолду.

  • Акылдуу мектеп деген ар бир класста акылдуу такта, күндөлүк, ата-эне менен баарлашуу интернет аркылуу болушу керек. Мектепте ким кайда баратат, ким эмне кылып жатканы видео аркылуу көзөмөлгө алынат. Мен азырынча ушундай нуктагы мектепти көрө элекмин. Учурда көптөгөн жаштар айти кесибине ыктап калышты. Эгерде мурда жалаң банк, укук, эл аралык байланыштарга басым жасап окуп келишсе, азыркы жаштар жаңы технологияны өздөштүрүүгө кызыкдар болуп калышты. Жыл сайын биз билим фестивалын ар кайсы университеттин базасында өткөрүп келебиз. Бүгүн 8-фестивалды утурлап, силерди кесип тандоого үгүттөп келдик, — деди Р.Отунбаева.
  • РОЗА ОТУНБАЕВА: «КЫРГЫЗСТАНДА АКЫЛДУУ МЕКТЕП ЖОК»

Бүгүн программистке окугандар тез эле жумуш орду менен камсыз болуп, болгондо дагы айлык акысы абдан жогору экени айтылды. Анткени мезгил агымына жараша жашоо жүрүп жатат. Эң чоң социалдык түйүн инстаграмм экенин экс-Президент баса белгиледи.

РОЗА ОТУНБАЕВА: «КЫРГЫЗСТАНДА АКЫЛДУУ МЕКТЕП ЖОК»

Инстаграммдагы  «Р.Отунбаеванын  демилгеси» эл аралык фондунун “Үчтөн кийин кеч” баракчасында баланын төрөлгөндөн баштап үчкө чейинки өсүшүнө жардам берет.

  • Учурда бизге 5000 адам катталган. Көптөгөн суроолор бар, биз жооп бергенге үлгүрбөй калдык. Азыр медакадемиянын студенттерин жардамга чакырып жатабыз.

Биздин өлкөдөгү компьютердик индустрия темасын көтөргөн демилгечи Азис Абакиров ар кайсы мамлекеттердин буйрутмаларын аткарып иштейт. Алмата, Астана, Прибалтикада акылдуу балдарды өздөрүнө тартып алгылары келет. Ошондуктан силер дүйнөлүк агымга кирип, компьютердик сабаттуулук боюнча маалыматтарды жакшы билишиңер керек. Өткөн жылкы фестиваль Борбордук Азиядагы Америка университетинин базасында өткөрүлүп, ага  27000 адам келген, — деди Р.Отунбаева.

 КЫРГЫЗСТАНГА ЭЛҮҮ МИНДЕН АШЫК ПРОГРАММИСТ КЕРЕК

Азис Абакиров, IT академиясынын негиздөөчүсү:

РОЗА ОТУНБАЕВА: «КЫРГЫЗСТАНДА АКЫЛДУУ МЕКТЕП ЖОК»

  • Мен көп жыл мурда айти компаниясын уюштургам. Азыр мен япондуктардын, америкалыктардын буйрутмаларын аткарып иштейм. Учурда биздикиндей компания көп. Роза Отунбаеванын колдоосу менен Кыргызстанда жогорку технологиялардын паркын ачканбыз. Кыргызстанда жашап туруп эле башка мамлекеттер менен иштесек болот. Азыр экономика өзгөрүп жатат. Салттуу индустрия башка деңгээлге чыкты. Көп нерсе автоматташтырылат, санариптештирилет. Салтуу кесиптердин баары жоголот. Электрондук коммерцияга, электрондук медицинага ж.б.у.с. өтөбүз. Эң жогорку айлык программистердики. Мен мисалы, программалоону өзүм эле окуп чыгып, үйрөнгөм. Эң башкысы өзүңөргө ишенишиңер керек жана өзүңөр далаалат кылып окушуңар зарыл. Биздин академияда бир гана жыл окутабыз. 2030-жылы бизге 50000 программист керек болот.  Биз кесиптик билим беребиз. Бир жыл бою практика берилет.  Иштей турган компаниянын мүчөлөрүн алып келебиз, алар өз практикасын берет. Бир жылда программалоону үйрөтүп чыгабыз. Ар кандай программалар, ошого жараша баасы бар.  Миң доллардын тегерегинде. Айти академия Бишкекте, Ошто, Кара-Балта, Караколдо бар. Облустун борборлоруна чыгалы деп жатабыз. Мугалимдерге да жакшы жардам берип атабыз.

Маалымат: VIII Билим берүү фестивалы “Санарип сабаттуулук” темасынын алкагында 18-апрелде Т.Сатылганов атындагы улуттук филармониянын аянтчаларында өтөт. Ушул эле күнү каалоочулар билим берүүчү иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Кыргызстандагы эл аралык университети менен жакындан таанышса болот.

Быйылкы фестивалдын өзгөчөлүгү – январь-апрель айына чейин Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгы, өнөктөштөр менен бирдикте фестивалдын алдын алуу иш-чаралары өткөрүлөт.

Фестиваль – балдар, жаштар, ата-энелер жана шаардыктар үчүн өткөрүлүүчү салтка айланган чоң иш-чара 2013-жылдан бери борбор калаада өткөрүлүп келатат.

 Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер