РОЗА АЙТМАТОВА, КООМДУК ИШМЕР: «АГАМ МЕНИ АДАБИЙ КИТЕП ОКУУГА КЫЗЫКТЫРГАН»

  • 30.03.2018
  • 0
РОЗА АЙТМАТОВА, КООМДУК ИШМЕР: «АГАМ МЕНИ АДАБИЙ КИТЕП ОКУУГА КЫЗЫКТЫРГАН»

Айтматовдун 90 жылдыгына карата

РОЗА АЙТМАТОВА, КООМДУК ИШМЕР: «АГАМ МЕНИ АДАБИЙ КИТЕП ОКУУГА КЫЗЫКТЫРГАН»

— Роза Төрөкуловна, Айтматов менин эң сүйүктүү жазуучум болчу. Менин журналист болуп калышыма да ушул кишинин таасири тийди. Себеби мен жалаң китептер аркылуу журналистикага келдим. Союз кезинде айылдык китепканалар болор эле, эсиңизде бардыр?

— Ооба, ооба…

— Бир күнү келсем китепканачы Өмар ака «Сага берер китептерим калбады»,- дейт. Көшөрүп туруп алдым. Анан столундагы өзү окуп олтурган китепти сунду. Карасам Айтматовдун «Деңиз бойлоп жорткон ала дөбөт» аттуу повести экен. Жайдын күнү жүзүм бактын алдындагы сериде баш көтөрбөй окудум.   Повесттеги бала «Чычкан аке, суу бер!» деген сайын, жанымдагы чакадан чөмүчтөп иче берипмин.

— Бала менен кошо кыйналган турбайсыңбы?…(Күлүп)

—  Кийин мектепте иштеп жүргөндө ушул эпизодду балдарга айтып бердим. Эртеси, китепканачы эжей «Сенин классыңа эмне болгон? Баары эле Айтматовдун китебин бериңиз дейт» —  деп таң калды.

— Кыргыз тили  мугалимисиң да…

— Англис тилинен берчимүн.

— Ммм, жакшы экен!

 — Азыр ойлосом такыр китеп окубаган балдарды Айтматов окутуптур.  Мына Айтматовдун жазуучулук бийик чеберчилиги, педагогдук улуу касиети!

— Мм, рахмат. Агам мени да адабий китеп окууга кызыктырганы эсимде.

— Кантип?

РОЗА АЙТМАТОВА, КООМДУК ИШМЕР: «АГАМ МЕНИ АДАБИЙ КИТЕП ОКУУГА КЫЗЫКТЫРГАН» РОЗА АЙТМАТОВА, КООМДУК ИШМЕР: «АГАМ МЕНИ АДАБИЙ КИТЕП ОКУУГА КЫЗЫКТЫРГАН»

— Мен  үчүнчү-төртүнчү класста окуганымдагы бир окуя  эсимде калыптыр. Атам камалып кеткенден кийин биз Шекерге барып жашадык.  Анан апамдын жумушуна байланыштуу Жийдеде туруп калдык. Чыңгыз акени сельсовет өзүнө секретарь кылып алып калган. Карагыз деген эжебиздин колунда жашайт.  Отуз сотых там аркага жүгөрү айдап, күзүндө эгинин алып келип берип жүрдү. Ошентип бакты да бизди. Мен согуш жылдары бала болуп мектепке да бара албай калдым. Баарыбыз эле ошондой болдук. Мектепте окуганга шарт жок болчу. Октябрь-ноябрга чейин окуйбуз, анан суук түшөт, үстүбүзгө жылуу кийим, бутубузга бут кийим жок сабакка барбай калабыз. Чыңгыз агам Шекерден үйгө тез-тез келип турчу. Бир жолкусунда: “Сен китеп окуйсуңбу?”- деп сурады. “Ооба,  окуйм”, — деп окуу китептеримди көрсөттүм. “Жок, адабий китептерди  айтып жатам. Мектепте китепкана деген бар. Ошого жазыл. Ошондон китеп алып кел» -деди. Киров жөнүндө «Мальчик из Уржума» деген китепти алып окудум. Байкем көрүп: «Азаматсын! Айтып берчи! – деди.  Айтып бердим. Эми ушул китепти алып барып өткөр да, башкасын алып кел!” – деди. Ушинтип жаштайыбыздан  бизге багыт берген. Бирок артыбыздан түшүп алчу эмес. Кээ бир журналисттер сурайт: «Кандай оюндарды ойнойт элеңер?”- деп. Аларга айтам: Согуш кезинде кайдагы оюн?!.. Бирок ушундай учурлар болгон. Кийин Чоң-Арыкка көчүп келдик. Чоң-Арык мектебинде окуп калдым. Мен жакшы окучу элем.  Мага  7-ноябрбы же Жаңы жылбы, иши кылып,  бир жолку майрамда белек беришти. Ал Пушкиндин үч томдугу болчу. Ички бетине «Самой лучщей ученице Чоң-Арыкской средней школы» деп жазып коюптур. Чыңгыз аке фермада зоотехник болуп иштеп жүрөт. Чоң-Арыкта болчу фермасы.  Үйгө “Ушинтип мага белек беришти”, — деп мактанып келдим.

— Атактуу болгон учуру беле?

— Жок, боло элек. Ошол күнү айлыгына мобул сыяктуу шкаф сатып алыптыр. (Редакциядагы шкафты көрсөтүп). Эшиктери айнектелген. Мындан куушураак. Келсем жанагы китептерди барактап, «Бул классика!  Эң ардактуу орунга коеюн”- деп,  жанагы шкафтын сол жагына үч томду коюп, «Ушул жерде турсун, керегинде алып окуйсун. Мен да окуймун» — деди.

— Алгачкы ийгилигиңизди туура баалаптыр…

— Мүмкүн, бирок «Сен азаматсың, мыктысың» дебейт. Мугалимдерим кийин айтат. Ата-энелердин чогулушуна барат да. Апам бара албайт. Буту ооручу.  Келип сурайт дейт: “Менин карындашым кандай окуйт?”- деп. Бир математик мугалимим айтат:  “Биз аябай мактайбыз. Ой, аябай жакшы окуйт. Тартиби да мыкты» — деп.  Анан айтат дейт: «Силер аны көп мактай бербегиле. Талапты катуу койгула. Билимин карагыла!”- деп. Мен эмнеге мынтет деп ойлочумун.  Көрсө  жанагы менден улуу эжем 1954-жылы мектепти бүтүп, экзамендин баарын тапшырса да, Москага окууга өткөрбөй коюшат. Ошондой болбосун десе керек. Мага аны түз айтпайт. Кийин ойлосом, “Бу дагы барам деген жагына бара албай калбасын»,- деп коркчу экен. Апабыз дале айтчу: “Эң негизгиси билим болуш керек.  Анан иштей билиш керек. Чоңдуктун кереги жок!” — деп. Баягы атамдын тагдырынан көңүлү калган го…

— Агаңыздын китептери биринин артынан бири чыгып, элге тааныла баштаганы эсиңиздедир. Апаңыз, дегеле үй-бүлөдөгүлөр мындай атактуулукка кандай мамиле кылышты? Андан чочулаган жокпу?

— Жанагы Лениндик сыйлыкты алганда, телевидениеден журналисттер келип сүрөттөрүн сурап кетти. Бала кезинде чоң энем кыргызча кийиндирип, биерге кемер байлатып, башына суусар тебетей кийгизип, сүрөткө түшүрүптүр. Ушундай жакшынакай болтойгон бала экен. Кыргыздын жайкы кийимин кийип түшкөн сүрөтү да бар болчу. Анан ошолорду телевидениден көрсөтүп жатышат. Апам көрүп олтуруп, мынтип атпайбы: “Ий айланайын,  Аскардын сүрөтүн көрсөтүп жатат да?”. «Аскар эмес, бул Чыңгыз десем», ага күтүлбөгөн нерсе болду. Апам мактайт, теледен көрсөтөт деп ойлобосо керек. Кийин ошол сүрөттөрү жоголуп кетти. Биз дагы артынан түшүп сурабаппыз. Апам Чыңгыз агамды «Аман болсун, кудай колдосун” деп койчу. Ошол Ленин сыйлыгын Москвадан алып кайтканда да, ооруканада жаткан. Агам аэропорттон түз эле ооруканага барды. Апам байкуш сүйүнгөнүнөн кучактап ыйлаган…Эми ушундай болгон. Баштан көп кыйынчылык өттү да…Чыңгыз агам да  турмуштун кыйынчылыгын, жакшылыгын бирдей көтөрдү. Чайпалбады, төгүлбөдү. Бирок көтөрүлүп бирөөгө бирдеке деген жок. Ушул мүнөзү апамдан өттү го деп калам. Апам Нагима абдан жөнөкөй, абдан адамгерчиликтүү киши болчу. Бай кишинин кызы экен. Алгач медреседе окуптур.  Төрт класс окугандай кийин атасы Караколго орус гимназияга бериптир. Ал гимназия али күнгө чейин бар. Апам орусчаны, татарчаны да бирдей билген, мусулманчылыкты да катуу кармап, бирок өтө аша кетпестен, динге байланышкан тартиптен чыкпаган адам эле.РОЗА АЙТМАТОВА, КООМДУК ИШМЕР: «АГАМ МЕНИ АДАБИЙ КИТЕП ОКУУГА КЫЗЫКТЫРГАН»

-Тарбиядан уламбы?

— Үй-бүлөдөн го дейм. Апасы Орто Азия, Сибирь чөлкөмү боюнча дин жагынан эң жогорку кызматта турган кишинин кызы болгон.  Мусулманчылыкты аябай кармачу экен.  Тирүү кезинде сүрөткө да түшпөптүр.Таятабыз болсо, айтканы айтканындай, дегени дегениндей болгон, курч мүнөз киши экен. Таенебиз ошонун баарын көтөрө билген, акылгөй адам болуптур. Таенем өлгөндө, күнөөнү өзүбүзгө алалы деп, үстүнө гүлдүү жапкыч жаап, сүрөткө тартып калышат. Ал сүрөт азыр менде. Апам сактап жүрчү. Өлгөн кишинин сүрөтү деп эч жерге чыгарган жокпуз.

—  Мени кандай бийиктикке жетпесин, Айтматовдун билим, илим алууга суусап турганы таң калтырат…

— Мен муну мурда ойлобопмун. Бир жылы Астанага бардым. Репрессиялангандардын бирдеме жылдыгы болуп, ошого карата конференция өткөн.  Россия, Беларуссиядан, дагы бир топ өлкөдөн, мага окшоп репрессия болгондордун балдары келиптир. Белоруссиядан келген бир аял менен таанышып калдым. Менден бир аз улуураак көрүндү. “Сиз эмнени бүттүңүз эле?” десем, “Мен мектепти дале жыргатып окуган жокмун. Апам менен адегенде лагерде болдум. Андай кийин  дагы бир жакка бардык. Ошентип эптеп бүтмүш болуп, институтка кирип, мынтип окуп, илим кандидаты болдум,” — дейт.  Ошол эсимде калыптыр. Көп өтпөй Чыңгыз Төрөкуловичтин бир папкасын окуп калдым. “Роза  эжеге сөзсүз берип койгула!” — деп бирөө берип жибериптир. Ачып карасам, 1956-жылы Чыңгыз аке өз колу менен толтурган документтер экен.  Нечен жыл өткөндүктөн, саргайып даана окулбай калыптыр: “ Мен 1937–жылдан баштап Шекердин мектебинде, анан Киров районунун борборунда эки жыл окудум. Анан согуш башталып,  Шекерге келип, кайра окудум. Согушка чейин алты классты бүттүм. Андан кийин иштедим.  Покровкадагы, Кировкадагы орус мектепте, Шекердеги кыргыз мектепте окуумду уланттым”, -деп жазыптыр. Шекерде Дүйшөндүн мектебинде окуган болчу. Ошол жерден сельсоветке секретарь, трактористке жардамчы болуп иштейт. Ошентип 1945-жыл келет. Окубай эле коеюн десе, “Окуп мектепти бүт” — деп апам болбойт. Анан 7-класты аттап, 8ге барып жатпайбы. Ошондо бир аз кыйналган окшойт.  “Анда мен техникумга окуйм”- деп Жамбулга техникумга кирип кетти. Техникумду артыкчылык диплому менен бүтүрдү.  Анысы ошол папкада тиркелиптир. “Анан айыл чарба институтутуна өтүп, аны бүттүм”- деп жазыптыр. Аны күбөлөндүргөн  артыкчылык диплому турат ошол папкада.  Андан ары: “Мен азыр орус тилинде да, кыргыз тилинде да көркөм чыгарма жазам. Бирок  орус тилин жакшыраак билишим керек. Ошон үчүн мени Москвадагы Горький атындагы жогорку адабий курстарга кабыл алгыла. Окуп билимимди тереңдетишим керек”,-деп арыз жазат.

—   Дагы көптү билсем деп окууга арыз бергени баарыбыз үчүн үлгү болоорлук экен.  Өткөндөгү жолугушууда Айтматовдун Токтогул суу сактагычынын курулушуна кошкон салымы тууралуу кызыктуу кеп куруп бердиңиз эле…

— Эми анын документтери менде жок. Ошого таяна албайм. Бирок өзүм күбө болгом.  Азыр эми кайсыл жыл экени эсимде жок.  Мен үйүнө барып калдым. Азыр Аскар жашаган үйдө турчу. Ал киши да келип калды. Түш беле. Керез жеңе, мен, Чыңгыз акем  үчөөбүз олтурабыз. Телефон шыңгырап калды. А кезде азыркыдай телефондор жок. Стационардык телефондор болчу. Барып сүйлөшүп келди. Анан келип олтуруп, «Жарыктык киши. Сүйлөй турган докладыңды кайра окуп чык”,- деп жатат. “Өзүм жазганымды өзүм унутуп калмак белем?! “- деди.  Көрсө Турдакун Усубалиевич телефон чалыптыр. Ал кезде Токтогул суу сактагычын курабыз деп жаткан мезгил.  Өзбекстандын биринчи секретары Рашидов КПСС БКнын саясий бюро мүчөлүгүнө кандидат, абдан  таасирдүү, бийликтин жогорку тепкичинде турган киши. Усубалиевдин ага каршы турганга бийлиги жетпей жатыптыр. “ Суу сактагыч курулганга чейин биздин пахта эмне болот? Биздин пахтага суу керек!” — деп башынан Рашидов каршы болот.

Айласы куруган Усубалиев Чыңгыз акени чакырып: ”Жакында Борбордук комитеттин пленуму өтөт, ошого барып, баарын ынандырып бер!”- дейт. Экөө макулдашат. Бирок Усубалиев болбой эле кабатырланып: «Ал жерге жакшы даярдык менен бар. Саясий бюронун мүчөлөрүнүн алдында толкунданып, айтайын деген сөзүңдү айта албай калба. Докладыңды кайра, кайра окуп чык!”- дептир  телефондон. Анан барышты.  Пленум колдоду. Ошонусун билем. Бирок, а кезде пленумдун материалдары жарыкка чыкчу эмес.  Кандай болгонун билбейм. Колумда документ жок болгондон кийин эскерүү китебиме жазып алып, кайра алып салдым.

—   Аскар Акаев Москвага качып кеткенден кийин эл арасында: “Чындыгында биринчи президент Чыңгыз Айтматов болмок экен”- деп айтылып жүрөт. Ушул чынбы?

— Бул чын.  Бизде таластык аксакалыбыз бар эле.  Суванбердиев деген. Мобул полиграфкомбинаттын директору болчу.  Чыңгызды жакшы көрчү, Чыңгыз да аны жакшы көрчү. Кеңешип калышчу экөө. Бир күнү ошол Тургунбек аке телефон чалып калды. Анда агам Москвада турат. “Чыңгыздын телефонун берчи, сүйлөшөт элем”,- дейт. “ Эмне болуп кетти? Тынчылыкпы?”,-дедим. “Ой ушу президент болсун деп жатабыз. Бул жердеги шайлоодон эч кимиси өтпөй калды.  Президент бол деп айтам”,-деди. Аксакал кишиге унчуккан жокмун. “Макул!”,- деп телефон номерин бердим. Бирок өзүм дароо агама телефон чалдым. “Түкөм чалып жатат.  Президент бол деп айтам деп жатат. Макул болбоңуз!”-дедим. “Мен ансыз деле макул болбойм”, — деди.

-Эмне үчүн анттиңиз?

— А кишинин мүнөзү бала кыял, ишенчээк болчу. Мен билем да анысын.  Калпычылар, ар кандай шылуундар бар да. Ошондойдун бирөө келип, айтса ишенет да. Анан элге жаман көрүнүп калат. Анын кереги эмне? “Жок, мен өзүм деле макул болбойм!”,- деди.  Күткөндөй эле Түкөм телефон чалыптыр. “Жок, мен болбойм. Китеп жазганым эле жетишет. Ушуну эле уланта берейин”,-деп айтыптыр.  Казат Акматов да телефон чалат. Ага да ошентиптир. “Анда кимди шайлайбыз дешсе, мобул жерде бир бала курч ойлорду айтып, сүйлөп жүрөт”- дейт…

— Сиз Айтматовго арналган эскерүү китебин жаза алдыңызбы?

— Жок, анте албайм го. Бирок жээним экөөбүз эскерүү китебин жарыкка чыгардык. Мен Төрөкул Айтматов жөнүндө жазып жатканда негизинен апамдан, эжемден укканды, анан кээ бир архивдик документтерди, Курмангалы Каракеевичтин айткандарын, Зияш Бектеновдун, Карасаевдин эскерүүлөрүн пайдаландым. Бара-бара бир образ пайда болду. Негизинен үй-бүлөдө, жумушта адам, жетекчи катары кандай болгонун жаздым.РОЗА АЙТМАТОВА, КООМДУК ИШМЕР: «АГАМ МЕНИ АДАБИЙ КИТЕП ОКУУГА КЫЗЫКТЫРГАН»

— Атаңыз тууралуу айтып калдыңыз, ага да жүйөөлүү себептер бар го дейм?

— Быйылкы жыл мен үчүн өтө маанилүү жылдардан. Бир гана агам Чыңгыздын 90 жылдыгы эмес,  атам Төрөкул Айтматовдун туулганына 115 жыл, аталарыбыздын сөөгү жаткан Ата-бейиттин да 80 жылдыгы болот. Үч дата дал келип жатат. Үчөө тең мен үчүн өтө оор, өтө маанилүү.  Мен эскербесем, анан ким эскерет?! Атамдын ишмердигине  арнап кичинекей китепче жаздым. Ал 1929-жылдын ноябрынан 1931-жылдын апрелине чейин Кыргыз АССРинин Эл чарба Борбордук Советинин председатели болуп кызмат өтөйт. Ошол эки жыл ичинде аткарган иштерин карадым. Ал кезде өнөр жай деген жок. 1926-жылы февралда Кыргыз АССРи пайда болот. Конституциясы, борбор шаары, тили, желеги,герби, ушулардын баары бекилет. Бирок башка өлкөлөргө теңелиш үчүн күчтүү өнөр жайы болуш керек. Ушундай татаал жумушту биздин атабызга бериптир. Анда ал болгону 26 гана жашта экен.  Ошого карабастан Кыргызстандын өнөр жайын өркүндөтүүгө бел байлаптыр. Архивдик документтеринде, бир топ протоколдорунда жүрөт. “Адегенде гидроэнергетиканы куруу керек.  Болбосо Кыргызстанда өнөр жайды өнүктүрүү мүмкүн эмес”,- дейт.  Кандай дарыя-сууулар бар, кайсыл жерде гидростанцияны курууга болот, көмүр казууну колго алып, ошонун негизинде жылуулук электростанцияларын курууга болорун айтат. Отузунчу жылы ушул азыркы борбор шаарыбызга жылуулук станциясын курган экен. Отуз биринчи жылы ошол электростанция электр жарыгын бере баштаптыр. Мындай жери да бар протоколдо: “Гидростанцияны куруш үчүн жумушчуларга үй керек, үйдү тезинен куруу зарыл.” А кезде машина жок, курулуш материалдарын араба менен алып келишет. Өгүз, ат чегилген арабалар. “Өгүз менен аттарга мынча чөп керек, мынча суу керек, жем керек”- деп, бүт баарын таблицасына чейин эсептеп көрсөтүптүр. Ошондой шартта гидростанцияны курушкан. Ушу күндөгү Бишкек ТЭЦиндеги  чатакты угуп алып жүрөгүм ооруйт. Эмнеге мындай кылышты, эмнеге алар аталарыбыз баштаган ишти уланта алышкан жок дейм…

— 2008-жыл биздин жүрөгүбүздү кайыштырып кетти. Арманда калдык. Ошол күнү иш сапарда болчумун. Тагдырдын тамашасын караңыз, түшкөн автобусум да жердештериники экен. Аңгыча радиодон “Айтматов оо дүйнө салды!”- деп айтып калды. Мен үчүн Манас атабыз кайра өлгөндөй болду. Канчалык жашырсам да, көзүмдөн жашым шорголоп акты. «Эми кыргызга ким караан болот? Ким акыл сөзүн айтат?» — дейм ичимден. Тигилер өз ара бакылдап баратышат. «Дүйнөгө эч ким түркүк болбойт деген ушу! Айтматов да өтүптүр! Тирүүсүндө Шекерге жол да салдырып койбоду», -деди арасынан орто жашап калганы.  Ошондо унчукпай кое албадым. «Айтматов Шекерге жол салдырганын билбейт экем! Бирок Айтматов ааламга жол салганын билем!» — дедим. Андан бери он жылга чукул убакыт өтүптүр. Азыркы сөзүбүз улуу жазуучунун  экинчи өмүрү жөнүндө  жүрсө дейм…

— Мен адегенде жол салгандыгы жөнүндө айтайын. Эми ал киши өзү жол салбаса дагы биринчи жолду Казакстандын жетекчиси Кунаев салып берген. Шекерде асфальт жок болчу. Ошол киши Жамбылдан биздин Шекерге чейинки жолду бүтүрүп, агамдын  50 жашына белек кылган. Муну көбү билбейт. Айылдагы жанагы жаңы клубду, эми азыр эскирип калдыго, ошол клубду дагы Токтогул Бабанов  экөө биригип салган. Олтургучтарынын баарын Чыңгыз өзү алып барып коюп берген. Ал клубдун кино көрсөтө турган, конференция өтө турган татынакай залы бар. Экинчи кабатында  музей жана китепкана жайгашкан. Китептеринин санын билчү элем, абдан чоң китепкана!  Дагы бир фойеси бар, ал жерде биздин айылдагы өмүрү өрнөктүү кишилердин сүрөттөрү илинип турчу эле. Мен да көптөн бери бара элекмин. Бирок эми токсон жылдыкка карата маданият үйүн  жергиликтүү чоңдор кайра жаңыртат болушу керек. Ал эми экинчи өмүрү жөнүндө сөз кылсак жаңы жазылган китептер, эскерүүлөр, ал кишиге арналган борбордогу эстелик,   көрүстөнүнө коюлган эстелик – мунун баары агамдын экинчи өмүрү.  Ал жерге барган киши  мектеп салган жок эле же жол салган жок эле деп таарынып кетпейт, тескерисинче  терең ойго түшүп кетет деп ойлойм.

 — Сиз эскерүүлөрүңүздө Айтматов аялдар образдарын турмуштан алды деп айтыпсыз. Айрымдарын өз көзүм менен көргөм депсиз. Мен Шекерге барганда  бир китепти тартуу кылышкан. Ошондон окугам.  Шекердеги  маданият үйү ачылып жатканда күтүүсүз окуя болуптур.  Ушул тууралуу уктуңуз беле?

-Жок.

-“ Мен Ысмайылмын!” деп бир киши көзүнө жаш алып учурашкан экен…

-Ал кишини билем!  Үмүт Култаева экөөбүз прототиптер менен жолугалы деп Шекерге барганбыз. Барсак Ысмайылдын көзү өткөнүнө бир жыл болуптур. Бирок аялы тирүү экен. Анын тагдыры Жамийлага окшош.  Күйөөсү согушка кетет. Эки баласы менен калат. Анан бул Жамийлага окшоп, Маймак станциясына эгин ташыйт. Эгин ташып жүрүп, бир күнү ооруп калат. Кайната-кайненеси молдо чакырат. Ал кезде врачтар жок болчу да. Молдо карап көрүп: “Тоодо бир чөп өсөт, ошону кайнатып бериш керек “,-дейт.  Ысмайыл качып жүргөнүн, тоодо жашаарын эл билчү экен.  Молдо Ысмайылга айтат: “Айылда бир жакшынакай келин катуу ооруп калыптыр, ага жардам керек.  Сен ошол чөптү таап келчи”,- дейт. Ал макул болуп, алып келерин алып келет, бирок келинди көрүп эси оойт. Анын эртеси да алып келет. Анын эртеси да алып келет. Кайнене, кайнатасы байкабай коет беле… Эртеси кечинде келинди үйгө жаткырып коюп, сыртынан кулпу салып,  өздөрү балдары менен эшиктин алдына жатышат. Анда ал сырттан келип, морудан түшөт. “ Карала-торала болуп түшүп келчү”,- дейт аялы.  А кездеги үйлөр самандан салынган үйлөр да. Бир боорунан тешип, келинди алып чыгыптыр. “Кантип  ойгонбодуңуз?”- десем, “Уктап жаттым да,”- деп коет. Ошондон сүйрөп чыгып, алып кетип калат. “Үңкүргө барып жашадык”,- дейт. Ошол аял айтты эле:” Эл Ысмайылды жаман деле көрчү эмес. Ысмайыл туугандарынын биринин үйүнө кирсе, ачкадан баары шишип өлгөнү жатыптыр. Тууганы:  “Ысмайыл, сен басып жүрөсүн, биз өлсөк, көмүлбөй калбайлы, кабар алып тур?!”,- дейт. Чуркап барып, өзүнүн жакын тууганынын уюн уурдап келип соет. Этинен аз-аздан бышырып, кичинеден тамак берип, ошолорду өлүмдөн алып калыптыр.

-Карама-каршылыктуу образ тура! Данияр менен Жамийланы да эске салды бир жагы …Эми дагы бир суроомо жооп берсеңиз.  Айтматов бир туугандарына, балдарына кандай мамиле кылчу эле?

— Айланып кагылып кетейин дечү эмес. Урушуп, сен андайсын, мындайсын дечү эмес.Баарына сабырдуулук менен тегиз мамиле кылчу. Мүнөзү кандай болсо, турмушта да ошондой болчу.  Тигиндей мындай деп чектен чыкчу эмес.  Кудай ушундай мүнөз берген окшойт.

— Атактуу адамдын жүгү оор. Аны кандай көтөрдүңүздөр? Сизди көргөндүн баары эле Айтматовдун карындашы деп калышат да?

— Ошондой болот экен. Айрыкча а кишинин көзү өткөндөн кийин көп кишилер “Ий мен көрдүм эле паланча жерде, сүйлөштүм эле, же сүйлөшө албай калдым эле” деп айта беришет. Анан баарын угасын. Мен эми атайын атактуу кишинин карындашы болоюн деген жокмун да! Кудайдын  берген тагдыры. Анча деле көп мактанып кетпейин. Мага болгон элдин кызыкчылыгы негизинен фамилиям аркылуу экенин түшүнөм.

-Педагогикалык системада баш-аягы элүү жылдай иштедиңиз бейм..?

— Ооба иштеп калдым. Арабаевди окуп бүтүп, Академияда бир аз аспирантурада окудум. Анан кайра Арабаевге келип иштедим.  Азыр кандай экенин билбейм, биз иштеген кезде, эрте менен сабак өтүп, анан кечинде жатаканага барып, кыздардын акыбалы кандай, эмне кылып жатышат дечүбүз…Бир жолу ооруканага жатып калдым. Мындан он чакты жыл мурун. Анан бир келин келип жатты жаныма. “Эже, мени таанып жатасызбы, мен сиздин студенткаңызмын!”,- дейт. Анан барып тааныдым. “Эсиңизде жокбу, өзүңүз жасаган кыям алып келип, биздин комнатада олтуруп чай ичпедик беле, анан сиз жашоо жөнүндө айтып бердеңиз эле”- дейт. Ыраазы болуп калдым. Мен унутуп калыпмын. Ошону студенттер эстесе, ушундай ойдо калышса, жакшы эле иштепмин деп калат экенсин.

-Ал кезде жалаң кыз-келиндер окучу да?

— Ооба, жалаң кыз-келиндер окучу. Мында да атамдын өмүр баянына аргасыз кайрыламын. Отуз үчүнчү жылдары Төрөкул Айтматов кыргыз обкомуна экинчи секратарь болгон. Анын  башкы кызматы элге билим берүү жана маданият тармагын жетектөө экен.   Ошол кезде жасаган докладдарын окуйм. Ал доордогу статистика да турат алдымда. Кыздарды окууга беришпегендиктен, буйрук чыгарганга чейин барышчу экен. Тенти Адышеванын китебинен окуп калдым. “Отуз биринчи жылы Фрунзеге үч кызды арабага салып алып кетишти”,- дейт. “Ата-энебиз келбес жакка кетти деп буркурап ыйлап калды”,- деп жазыптыр. Ошентип кыздарды күчкө салып окуткан да…Ошондон улам совет өкмөтү Кыргыз кыз-келиндер институтун ачкан. Ар бир айылга барып: “Мына кыздар өзүнчө окуйт, атайын тарбиячысы, жатаканасы болот. Анан ал жерге текшерип туруп мугалимдерди жумушка алабыз!”,- деп  ата-энелерди үгүттөшчү экен.

— Азыр кыз-келиндер институту Ишеналы Арабаев атындагы университет деп аталып жүрөт…

-Эми анысы деле туура. Бул институттун жардамы менен канчалаган кыздар билим алышты, канчалаган кыздардын багын ачты.  Статистиканы карап көрсөк, 90-чу жылдарда, бул окуу жай кыргыз мектептери үчүн мугалимдерди даярдаган бирден-бир жогорку окуу жай болчу. Кыргыз мектептеринде иштеген мугалимдердин элүү пайызы ушул окуу жайды, элүү пайызы башкасын бүтүргөн. Ал мезгилде аял мугалимдер менен эркек мугалимдердин саны теңелип калган. Анан  жогорку билимдүү аялдардын саны көбүрөөк боло баштайт. Ошондо эми болду деп, кыз-келиндер институтунун ордуна Арабаев атындагы университет пайда болот. Бириккен Улуттар уюмунун аялдарга карата зордук-зомбулуктун бардык түрүн жоюу боюнча конвенциясы бар. Ал 1979-жылы кабыл алынган. А биздин пединститут 1952-жылы ачылган.  Ошол кезде совет бийлиги эң туура чечим кабыл алган!  Убактылуу болсо да  аялдарга, кыздарга колдоо керек болуптур.. Эмне үчүн андай болгон? Ал кезде үй-бүлөдө болсун, коомдо болсун патриархалдык көз караштар үстөмдүк кылып турган. Ошон үчүн кыздарды колдошкон. Жогорку билим алган кыз күйөөгө кетсе да, кадыр-баркы жогору болуп, башкаларга теңелип калган. Бул жагынан совет бийлигине рахмат айтса болот.

— Үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз. Канча балаңыз бар?

— Жолдошум врач болчу. Көзү өткөнүнө быйыл он үч жыл болот. Экөөбүз бир райондон, Манас районунан болчубуз. Мен негизинен адам катары Манас районунда калыптандым.  Башталгыч класстарды Жийденин жанындагы Пушкин атындагы мектепте, азыркы Чоң-Капка деген айылда, андан кийин Покровкадагы мектепте окудум.  Покровкадагы мектепте окуп жүргөнүмдө болочок жолдошум Чоң-Коргон деген жер бар,ошол жердеги мектепте окуган экен. Менден мурдараак бүтүп,  мединститутка өтүптүр. Илгери Казакстанда ачарчылык болуп, казактар биз жакка ооп келбедиби, ошондо Жамбыл облусунун казактары Таласка ооп келип, Нылды деген айылда туруп калышат. Жолдошумдун апасы ошол казактардын кызы.  Апасы абдан сулуу аял болгон дешет, мен көргөн эмесмин. Адеми апабыз эки бала төрөп, оорудан  улам каза болот. Кайнатам болсо согушка барып,  Ыраакы Чыгышта төрт жыл япон армиясына карша туруптур. А киши эч кимди капа кылбаган, дүйнөсү таза пенде болчу. Арак ичпейт. Тооктун этин жебейт. Чочконукун таптакыр жебейт.  Тамагын командирине берип коет экен. Ал киши күнүгө анын эсебинен жүз грамм арак ичсе жыргайт да, анан муну алыс кетирбей, жанына кармайт, жанагы ашканага от жаккыч кылат. Ошону менен төрт жыл от жаккыч болот. “Ата, кантип чыдадыңыз?”,- десем,  “Ошол деле болот да. Чай менен нанга ыраазы болдум”,- дечү. Мусулманчылыкты катуу кармачу. Таза киши болчу. Согуштан келгенде кайненем катуу ооруп жаткан экен, каза болот. Кийин башкага үйлөнөт. Ошентип болочок жолдошум башка апасынын колунда өсөт. Бизде Таласта тамеки өстүрүшчү. Жаңы апасы төрөп калып, ордуна менин жолдошум Эсенбекти жөнөтүшөт экен. “Бир звенодо жети аял болсо, жетөөнүн бири мен болчумун”- деп күлүп калчу. Кийин өзү хирург болду. Анда да тыкан, операцияларды эң жакшы жасаган балдар хирургу болду.

— Балдарыңыздан ата кесибин уланткандар болдубу?

— Ии уулум да, кызым да врач. А кишин өзүнүн айтканына турчу.  Ага караганда менин мүнөзүм жумшак, ошого баш ийип жашадым. Балдарым болсо атасынын кесибин улантып кетишти. Жолдошум  кыргыз дегенде жанын аячу эмес.

— Азыр Сиз небереңиздин колундасыз да…

— Неберем менен турам. Анын да баласы бар. Менин бөлмөмө оюнчуктарын чачып салат. Жыйнайм аны.  Бармагымдан кармап, “Жүр, чай ичебиз!”,- деп ашканага алып барат.  Ошого ыраазы болом. Эми мага дагы эмне керек…Тагдырыма ыраазымын…

— Сүйлөсөк сөз түгөнөр эмес.  Мазмундуу маегиңиз үчүн Сизге чоң рахмат! Балдардын бактысын көрүп, небере-чеберелериңиздин күлкүсүн угуп, көпкө жашаңыз!

—   Жекшемби күнү башка газета чакырса келбейт элем. Өзүм мугалим болуп иштегенден кийин, мугалимдер газетасына барайынчы, билгенимди айтып берейин, кызыккан суроолорго жооп берейин деп келдим. Силерге да рахмат! Эң негизгиси, Чыңгыз Айтматовдун жашоосун туура чагылдырып берсеңер болду. Өзү да баягы  80 жылдыгын белгилегенде айтты эле: “Мен муну үй-бүлөмдө белгилеп койсом болот, бирок ал жаш муундарга пайдасын тийгизсе, мен макулмун!”- деп. Ансыңарындай бул токсон жылдыгын белгилеп жатканыбыздын элге, айрыкча жаштарга пайдасы тийип жатса, анда силерге рахмат…

Маектешкен: А.Алибеков, АКСЕЛСтин “Жамааттар байланышы” программасынын бүтүрүүчүсү (АКШ, Түндүк Каролина, 2010)

Бөлүшүү

Комментарийлер