«РОССИЙСКАЯ ГАЗЕТА» ӨТКӨРГӨН КОНКУРСТАН 2-ОРУНДУ ЭЭЛЕГЕН ЗАРЫЛБЕК КЫЗЫ АЙДАНА

  • 27.12.2022
  • 0

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Коңорчок айылынын Н.Жыргалбекова атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу Зарылбек кызы Айдана “Российская газета” өткөргөн дилбаян боюнча республикалык конкурста 2-орунду ээледи.

«РОССИЙСКАЯ ГАЗЕТА» ӨТКӨРГӨН КОНКУРСТАН 2-ОРУНДУ ЭЭЛЕГЕН ЗАРЫЛБЕК КЫЗЫ АЙДАНА

Аталган конкурс  ушул жылдын октябрь айында башталып, өлкө боюнча жалпы жонунан 500 дөн ашык окуучу катышкан.

-Саламатсынбы Айдана? Аталган эсселер жана дилбаяндар конкурсунда экинчи орунга ээ болушуң менен куттуктайм. Жалпы конкурстун жүрүшү тууралуу айтсаң.

— Чоң рахмат! Конкурска жазылган эсселер, дилбаяндар 19-октябрдан 30-ноябрга чейин кабыл алынды. Биз кабыл алуунун акыркы күнүндө атайын көрсөтүлгөн дарекке  Конкурстун темасы боюнча  «Орус тили мен үчүн жана менин үй-бүлөм үчүн » деген темада жазылган эссебизди жөнөттүк. Эсседе орус тилинин бүгүнкү күндөгү маанилүүлүгү , мага тийгизген таасири , үй-бүлөөбүздөгү жана азыркы коомдогу орус тилинин маанисин, ордун, актуалдуулугун жазганмын.

Бул конкурсту кайдан билдиң? Кимден уктуң? Кантип катышып калдың?

— Конкурс тууралуу орус тили, адабияты сабагынан берген мугалимим Акиева Бермет эжейден уктум. Конкурска катышууга да эжебиз себепчи болду, бизди шыктандырып, болгон билимин берип, мыкты даярдык көрүшүмө жардам берип жатты. Ошентип катышып калдым.

— 2-орунга ээ болгонуңду уккандан кийин кандай сезимде болдуң?

-Чындыгында күтүүсүз  болду. Бул конкурска жалпы республика боюнча беш жүздөн ашык окуучу катышкан эле. Уюштуруучулар 2-орунга ээ болгонумду телефон аркылуу айтканда аябай толкунданып сүйүндүм. Билим берген эжебиздин, тынбай изденип окуган өзүмдүн эмгегимдин жылуу кайтарымы сүйүнттү, кубантты.

-Мектебиңерде орус класстары барбы? Билишимче алыскы региондон жана  кыргыз класстан байгелүү орунга ээ болгон сен эле окшойсуң?

— Жок, биздин айылда дээрлик 100% кыргыз жашайт. Орус улутундагы адамдар дагы жок. Алыскы региондон орунга ээ болгон мен эле болдум. Ошондуктан башкалардан эки эсе кубануу менен кабыл алдым. Ал жакка барган окуучулардын, мугалимдердин көпчүлүгү орус улутунан , окутуу орус тилиндеги мектептен келишти. Алыскы аймактан, кыргыз классынан барып, ушундай ийгиликке жетишкениме сыймыктандым.

Маегиңе рахмат. Окууларыңа ийгилик каалайм. 

«РОССИЙСКАЯ ГАЗЕТА» ӨТКӨРГӨН КОНКУРСТАН 2-ОРУНДУ ЭЭЛЕГЕН ЗАРЫЛБЕК КЫЗЫ АЙДАНА

Эскерте кетсек конкурс Нарын шаарынын №2 Чкалов атындагы мектеп-гимназиясынын мурдагы директору, маркум Айчүрөк Самакованын жаркын элесине арналып, Кыргызстанда үчүнчү жолу өткөрүлүп жатат. Конкурстун жеңүүчүлөрүнө баалуу сыйлыктар менен дипломдор тапшырылды.

Фархат Каныбеков, КУТ БИЛИМ

Бөлүшүү

Комментарийлер