РОССИЯ КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУЛАРГА $15 МЛН. БЕРЕТ

  • 20.07.2023
  • 0

Россия өкмөтү Кыргызстандагы мектептерде окуучуларга ысык тамак берүү системасын өнүктүрүү долбооруна 15 миллион доллар бөлүп бермекчи. Бул тууралуу РФтин Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Россия бөлүп бере турган каражат 2023-2026-жылга каралган Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын линиясы менен берилмекчи.

Кыргызстанда мектептеги окуучуларды тамактандыруу программасын ишке ашыруу боюнча 2013-2023-жылдары 22 млн сом бөлүнгөн. Бул долбоордон улам республикада 200 окуучу мектепте ысык тамак менен камсыз болгон. Андан тышкары, 850 билим берүү мекемелеринин ашканалары оңдолуп, заманбап ашкана эмеректери, жабдуулары менен камсыздалган. Балдарды витаминдүү азыктандыруу максатында байытылган 4 миң тонна ун бөлүнгөн.

Бул долбоордун натыйжасында мектеп ашканасында иштеш үчүн кошумча үч миң жумушчу орун түзүлгөн.

А.К.

Бөлүшүү

Комментарийлер