“ROBOLAND-2024”:  КЫРГЫЗ КОМАНДАЛАРЫ  БАЙГЕЛҮҮ ОРУНДАРДЫ БАГЫНДЫРЫШТЫ

  • 04.04.2024
  • 0

“RoboLand-2024” IX эл аралык робототехника, программалоо жана инновациялык технологиялар фестивалында “Алтын түйүн” улуттук балдар инженердик-техникалык  академиясынын тарбиялануучулары жеңишке жетишти. 28-марттан 30-мартка чейин Караганда шаарында өткөрүлгөн “RoboLand-2024” фестивалына Россия, Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан, Азербайжандан 350дөн ашуун команда катышты.

“ROBOLAND-2024”:  КЫРГЫЗ КОМАНДАЛАРЫ  БАЙГЕЛҮҮ ОРУНДАРДЫ БАГЫНДЫРЫШТЫ

Маалыматка тьаянсак,  Дастан Казыбаевдин жетекчилиги алдында Ринат Советканов жана Андрей Царевский чыгармачылык категориясында коло медалга, “Алтын түйүн” улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын Талас облусундагы филиалынан Нуржан Тайтелиевдин жетекчилиги астында Аслан Ашимбеков жана Темирхан Турсунбеков “Суу роботторунун лабиринти” категориясында үчүнчү орунду ээлешти.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер