РИТА КАРАСАРТОВА БАШТАЛГЫЧ КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ АГЕНТТИГИНИН ДИРЕКТОРУ БОЛУП ДАЙЫНДАЛДЫ

  • 03.12.2019
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору болуп Рита Карасартова дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

РИТА КАРАСАРТОВА БАШТАЛГЫЧ КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ АГЕНТТИГИНИН ДИРЕКТОРУ БОЛУП ДАЙЫНДАЛДЫ

Агенттикти буга чейин жетектеген Таалайбек Чолпонкулов өз арызы менен кызматтан бошотулду. Чолпонкулов бул кызматта 2009-жылдан бери иштеп келген.

Бүгүн билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков жаңы дайындалган директорду кесиптик-техникалык агенттигинин жалпы жамаатына тааныштырды.

РИТА КАРАСАРТОВА БАШТАЛГЫЧ КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ АГЕНТТИГИНИН ДИРЕКТОРУ БОЛУП ДАЙЫНДАЛДЫ

Министр түзүмдө буга чейин аткарылган жумуштар үчүн Таалайбек Чолпонкуловго ыраазычылык билдирип, жаңы дайындалган жетекчиге бул тармакта башталган реформаларды улантуу ишине ийгилик каалады.

 

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер