РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДАНЫ ӨТКӨРҮҮ МӨӨНӨТҮ ЖЫЛДЫ

  • 28.01.2021
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги 2020-2021-окуу жылында мектеп окуучуларынын Республикалык олимпиадасын өткөрүү боюнча төмөнкүлөрдү билдирет.

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу мектептердеги окуу процесси аралыктан жүргүзүлгөндүгүн, ошондой эле массалык иш-чараларды өткөрүүдө санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдары тарабынан коюлган чектөөлөрдү эске алып, министрлик кырдаал турукташканга чейин олимпиада өткөрүү мөөнөтүн жылдыруу жана окуучуларга олимпиадага даярданууга кошумча убакыт берүү чечими чыгарылган.

Учурда министрлик Республикалык олимпиаданын II жана III этаптары үчүн бардык предметтер боюнча олимпиадалык тапшырмаларды иштеп чыгуучу көзкарандысыз уюмду тартуу үчүн тендер жарыялады.

Тендер аяктагандан кийин Республикалык олимпиаданын II, III жана IV этаптарын өткөрүү мөөнөттөрү белгиленет, олимпиада  2019-жылдын 11-ноябрындагы № 1310/1 буйругу менен бекитилген мектеп окуучуларынын Республикалык олимпиадасы жөнүндө жобого ылайык өткөрүлөт, бирок өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга жараша  олимпиаданы өткөрүү форматына өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.

Республикалык олимпиада жөнүндө маалымат министрликтин сайтына жана жалпыга маалымдоо каражаттарына кошумча жайгаштырылат.

Ошондой эле, I (мектеп) баскычы ноябрь айында болуп өткөндүгүн маалымдайбыз.

 

КР ББИМдин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер