РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДА: II РАЙОНДУК ЭТАП ҮЧҮН ТАЛАПТАР

  • 16.01.2023
  • 0

Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын окуучулары үчүн республикалык олимпиаданын райондук этабы 10 мектеп предмети боюнча өткөрүлөт: биология, география, информатика, тарых, математика, кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, англис тили, физика жана химия.

РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДА: II РАЙОНДУК ЭТАП ҮЧҮН ТАЛАПТАР

Олимпиаданын бардык этаптар үчүн тапшырмалар мамлекеттик билим берүү стандартынын жана мектеп программасынын талаптарына ылайык түзүлөт. Олимпиаданын тапшырмаларынын мазмуну кадимки сабакта берилген суроолордон айырмаланышы мүмкүн. Мисалы, окуу программасынан тышкары татаал мазмун. Олимпиаданын катышуучулары мыкты билимин, ой жүгүртүүсүнүн тереңдигин жана акылгөйлүгүн (эрудиция) көрсөтүшү керек.

ПредметБиринчи тур: 1-күнЭкинчи тур: 2-күн
БиологияИзилдөө туру

Узактыгы 3 сааттан ашпайт.

Теориялык тур

Узактыгы 4 сааттан ашпайт.

 

Теориялык турдун топтому эки бөлүктөн турат.

 

А бөлүгү бир эле туура жообу бар суроолорду камтыйт.

 

Б бөлүгү кыска жоопту талап кылган суроолордон турат.

ГеографияПрактикалык

3 саат

Теориялык

3 саат

Теориялык турдун топтому эки бөлүктөн турат.

 

А бөлүгү. Жабык типтеги тест тапшырмаларын камтыйт.

 

Б бөлүгү. Ачык типтеги тапшырмаларды камтыйт.

 

Информатика3 саат3 саат
ТарыхПрактикалык

3 саат

Теориялык

3 саат

Кыргыз тили жана адабияты2 саат3 саат
Математика3 саат4 саат
Орус тили жана адабияты2 саат

Орус тили боюнча тапшырмалар

3 саат

Адабият боюнча тапшырмалар.

ФизикаИзилдөө

 

Тапшырманы аткарууга тыныгуусуз 4 саат убакыт берилет.

Теориялык

Тапшырманы аткарууга тыныгуусуз 4 саат убакыт берилет.

ХимияПрактикалык

2 саат

Теориялык

3 саат

Англис тилиОозеки айтуу жана суроолорго жооп берүү.Угуу, лексика-грамматикалык тест жана окуу.

Республикалык олимпиада боюнча суроолорго ыкчам байланыш телефону — 0701744803 (WhatsApp)

Бөлүшүү

Комментарийлер