Республикалык математикалык олимпиада (АКМО-2025)
- 07.02.2025
- 0
Кыргыз Республикасынын жалпы орто билим берүү мектептеринин 6-классынын окуучуларынын арасында өткөрүлүүчү АКМО-2025 республикалык математикалык олимпиадасы быйыл дагы жогорку деңгээлде уюштурулууда.
Олимпиаданын негизги максаттары:
- Жөндөмдүү окуучуларга колдоо көрсөтүп, алардын математикалык мүмкүнчүлүктөрүн ачуу;
- Окуучулардын логикалык жана чыгармачыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү;
- Математикага болгон кызыгууну арттыруу жана интеллектуалдык таймаштардын маданиятын калыптандыруу.
Олимпиада үч баскычта өткөрүлүп, финалдык турга өткөн мыкты окуучулар Бишкекте күч сынашат.
1-этап (Онлайн):
- 15-февраль, 2025-жыл
- exam.edu.kg сайтында катталуу жана тест тапшыруу.
- Сынактын мазмуну: 20 тесттик суроо (5-6-класстын материалдары жана логикалык суроолор).
2-этап (Офлайн):
- 1-март, 2025-жыл
- Биринчи этаптан өткөн окуучулар үчүн атайын белгиленген мектептерде.
- Сынактын мазмуну:
- 10 тесттик суроо,
- 5 туура жоопту жазуу суроосу,
- 5 классикалык суроо.
3-этап (Финал):
- 5-апрель, 2025-жыл
- Бишкекте өткөрүлөт.
- Финалга облустук этаптан алдыңкы 5 орунду ээлеген окуучулар чакырылат.
- Жол кире жана жатакана чыгымдары каржыланат.
- Сынактын мазмуну: 10 классикалык суроо.
Белектер:
1-орун: iPad Air
2-орун: iPad Mini
3-орун: iPad 10
Бардык катышуучулар баалуу белектерге ээ болушат!
Бөлүшүү
Комментарийлер