РЕСПУБЛИКАЛЫК ИЛИМИЙ-ТЕХНИКАЛЫК ОЛИМПИАДАНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ

  • 15.02.2023
  • 0

Билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева мектеп окуучулары арасындагы “Илим + Ойлоп табуу = Техника!” республикалык илимий-техникалык олимпиадасынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземине катышып, байге ээлерине министрликтин диплом жана медалдарын тапшырды.

РЕСПУБЛИКАЛЫК ИЛИМИЙ-ТЕХНИКАЛЫК ОЛИМПИАДАНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ

Токтобүбү Ашымбаева техникалык билим берүү Кыргызстандын келечеги жана өлкөнүн өнүгүүсү үчүн чечүүчү мааниге ээ экендигин белгиледи.

“Мектеп окуучуларын илим жана ойлоп табуучулук жаатындагы кызыгууларын улантууга шыктандыруу абдан маанилүү. Олимпиадага жалаң балдар гана эмес, кыздар да катышып жаткандыгы STEAM билим берүүдөгү гендердик ажырымды азайтууга мүмкүндүк берерин белгилеп кетүү керек”, — деди министрдин орун басары.

Республикалык илимий-техникалык олимпиаданын үч турунун жыйынтыгы боюнча Чүй облусунун командасы (Бек Майрамбеков, Аслан Сталбеков, Даниэл Муратов жана Санжар Болотбеков, жетекчиси Тыналиева С.Ч.) өспүрүмдөр лигасынын жеңүүчүсү аталып, Билим берүү жана илим министрлигинин өтмө кубогунун ээси болду. Баткен облусунун командасы II орунду (Нурислам Мукидинов, Исхак Өмүрзаков, Эрлан Авазбеков жана Мадумар Полотханов, жетекчиси Марипов А.) ээлесе, Бишкек шаарынын жаш ойлоп табуучулары III орунду (Руслан Кадурин, Арсен Расулов, Мырзаахмад Жолдошев жана Никита Косерев, жетекчиси Тешебаева У.Б.) алды.

Республикалык илимий-техникалык олимпиаданын мектеп лигасынын жеңүүчүсү жана Билим берүү жана илим министрлигинин өтмө кубогунун ээси болуп “Алтын түйүн” Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын командасы (Саламат Каныбекова, Мария Пискарева, Даниэль Мустафин жана Танзаада Абдымаликова, жетекчиси Жогаштиев Н.Т., к.т.н.) табылды. Ош шаарынын жаш техниктери (Архат Тыныбеков, Бермет Абдрасулова, Азирет Бегимжанов жана Абдулазиз Мадумаров, жетекчиси А.Чотолоева) күмүш медаль алса, Талас облусунун командасы коло медалга (Нагима Шаршенбекова, Милена Рысматова, Акылай Каныбекова жана Санжар Акжолов, жетекчиси Н.Ч.Тайтелиев) ээ болду.

Бул олимпиаданын максаты – Кыргызстандын жаштарын илим, техника, инженерия жана математика боюнча билим алууга жана карьера курууга үндөө, ошондой эле бул тармактарда инновацияларды жана чыгармачылыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүү болуп саналат.

Бөлүшүү

Комментарийлер