РЕСПУБЛИКА БОЮНЧА “АЛТЫН ТАМГА” СЫНАГЫ ӨТҮҮДӨ

  • 31.05.2022
  • 0

Бүгүн, 31-майда Бишкекте жана бардык облустук билим берүү борборлорунда мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн «Алтын тамга» мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациясы өтүүдө.РЕСПУБЛИКА БОЮНЧА “АЛТЫН ТАМГА” СЫНАГЫ ӨТҮҮДӨ
Сынакта катышуучулар математика, эне тили жана адабият (кыргыз тили жана кыргыз адабияты, орус тили жана орус адабияты, өзбек тили жана өзбек адабияты), Кыргызстандын тарыхы жана химия сабактары боюнча тест тапшырат. Быйыл ѳзгѳчѳ үлгүдѳгү аттестат алууга 2232 бүтүрүүчү талапкер болууда. Андан 1388 кыргыз тилинде, 803 орус тилинде жана 38 өзбек тилинде.

«Алтын тамга» сынагы мектепти 11-жыл «5» деген баага окуп, жогорку көрсөткүчтөрдү көрсөткөн окуучулар үчүн көз карандысыз сынактык баалоо болуп эсептелет.

Белгилей кетсек, бул мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестацияга катышуу милдеттүү эмес, ар бир талапкер ѳз ыктыяры менен катышат

Бөлүшүү

Комментарийлер