РЕКТОРДУК БАЛ 2023

  • 26.12.2023
  • 0

Ош технологиялык университетинин студенттери жаңы жылды утурлап майрамдык кече өткөрүштү. Майрамдык салтанатка окуу жайда билим алып жаткан бардык курстун студенттери катышты.

РЕКТОРДУК БАЛ 2023

Университеттин окуу иштери боюнча проректору Улукбек Мамытов жаштарды жаңы жылы менен куттуктап, окууларына ийгиликтерди каалады. Окууда мыкты ийгиликтерди жараткан жана университеттин коомдук иштеринде активдүү катышкан студенттерге грамоталар, дипломдор жана баалуу белектер тапшырылды.

РЕКТОРДУК БАЛ 2023

Майрамдык кечени студенттер өзгөчө маанайда белгилешип, оюн-зоок, ыр-бийдин коштоосунда жыйынтыктады.

Бөлүшүү

Комментарийлер