РЕГИОНАЛДЫК ЭМГЕК РЫНОГУНДАГЫ СУРОО-ТАЛАПТЫ ЖАНА СУНУШТАРДЫ ТАЛДОО МЕТОДОЛОГИЯСЫ БЕКИТИЛДИ

  • 21.12.2020
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги орто кесиптик окуу жайлар үчүн сунуштарды эске алуу менен Регионалдык эмгек рыногундагы суроо-талапты жана сунуштарды талдоо методологиясын бекитти.

Аталган методология КР БИМдин “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоору тарабынан иштелип чыкты жана орто кесиптик окуу жайларга көрсөтүлүп жаткан билим берүүчү кызматтардын суроо-талапка ылайык келүүсүн жогорулатуу максатында эмгек рыногунун керектөөлөрү жөнүндө маалыматтарды чогултуу жана талдоодо көмөк көрсөтүүгө багытталат.

Регионалдык эмгек рыногундагы суроо-талапты жана сунуштарды талдоо методологиясы пилоттук колледждер/Алдыңкы тажрыйба борборлорунда апробацияланган.

Методологиянын максаты — көндүмдөргө окутуу боюнча сапаттуурак жана суроо-талапка ээ сунуштарды пландоо жана ишке ашыруу үчүн орто кесиптик окуу жайларынын регионалдык эмгек рыногунун керектөөлөрүнө реакция кылуу механизмин түзүү.

Колледждерге эмгек рыногундагы суроо-талапка жана сунуштарга сереп жана баалоо жүргүзүүнүн үч ыкмасы сунушталат, алар квалификацияларга жана көндүмдөргө карата керектөөлөрдү өздөштүрүүдө колдонулушу мүмкүн, бирок регионалдык эмгек рыногунун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен:

• региондорду өнүктүрүүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен эмгек рыногундагы квалификацияларга жана көндүмдөргө болгон керектөөлөр жөнүндө маалыматтын булактарына сереп жана талдоо жүргүзүү;
• бүтүрүүчүлөрдүн ишке орношуусуна байкоо жүргүзүү;
• региондогу иш берүүчүлөрдү түздөн-түз сурамжылоонун негизинде жумушчу күчкө болгон керектөөлөр жөнүндө маалыматты талдоо.

КР БИМдин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер