БАЗИСТИК ОКУУ ПЛАН ДОЛБООРУ БОЮНЧА “КУТ БИЛИМ” ГАЗЕТАСЫНЫН РЕДАКЦИЯСЫНЫН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ

  • 11.04.2018
  • 0

«Кут Билим» газетасында жарыяланган базистик окуу пландын долбоору (№12,  6-апрель 2018-ж.) боюнча социалдык тармактарда пайда болгон суроолорго байланыштуу редакция төмөнкүдөй түшүндүрмө берүү зарыл деп тапты.

Биринчиден, газетага жарыяланган базистик окуу пландын долбоорунун автору Кыргыз билим берүү академиясынын профессору, педагогика илимдеринин доктору Елисей Син. Бул анын жеке көз карашын гана билдирген долбоор. Ал долбоор Билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашылган эмес. Ошол эле убакта, министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, Синдин долбоору мурда министрликтин алдындагы стандарт жана сапат боюнча координациялык кеңеште каралып, колдоо таппай, четке кагылган.

«Базистик окуу планды өзгөртүү өзгөчө методологиялык мамилеге негизделген өтө олуттуу, кылдат ишти талап кылат. Азыркы учурда болочок пландын концепциясынын үстүнөн гана иш жүрүп жатат. Ал өз убагында эксперттик коомчулук менен педагогдордун талкуусуна коюлат”,-деп билдиришти министрликтен.

Экинчиден, “Кут Билим” газетасы профессор Синдин долбоору жазылган макаланы педагогикалык коомчулукта болуп жаткан ар кандай караштарды, ой-пикирлерди көрсөтүү жана бул темадагы айрым талкууга жем таштоо максатында гана жарыялады. Газетага жарыяланган пикирлер редакциянын өзүнүн көз карашын жана позициясын билдирбейт.

“Кут Билим” газетасынын редакциясы

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер