РАЙОНДУК СЕМИНАР
- 10.02.2023
- 0
10-февралда Кара-Суу районундагы жалпы билим берүү мекемелеринин тарбиялык иштер боюнча директордун орун басарлары үчүн «Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу»боюнча райондук семинар болуп өттү.
Бул маанилүү иш-чара Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган «Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу» долбоорунун алкагында уюштурулду.
Семинардын катышуучуларына Кара-Суу райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун КУЗ жетекчиси К.Ботоярова , М.Насирова жана медициналык кызматкерлер «Жооптуу бол!» сынагын өткөрүү боюнча эң зарыл маалыматтарды беришти.
Семинардын соңунда ар бир мектепке таркатмалар жана плакаттар тапшырылды.
Апиза АНАРБАЕВА, Кара-Суу району
Комментарийлер