ПСИХОЛОГИЯЛЫК-МЕДИЦИНАЛЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК КОНСУЛЬТАЦИЯНЫН ТИПТҮҮ ЖОБОСУНУН ДОЛБООРУ ТАЛКУУДА

  • 05.06.2025
  • 0

4-июнда, Билим берүү жана илим министрлигинде Психологиялык-медициналык-педагогикалык консультация (ПМПК) жөнүндө типтүү жобонун долбоорун иштеп чыккан жумушчу топтун отуруму өттү. Ага Билим берүү жана илим министрлигинин, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Кыргыз билим берүү академиясынын, эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле инклюзивдик билим берүү жана өзгөчө билимге муктаж балдарды коштоо жаатында иш алып барган адистер катышышты.

ПСИХОЛОГИЯЛЫК-МЕДИЦИНАЛЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК КОНСУЛЬТАЦИЯНЫН ТИПТҮҮ ЖОБОСУНУН ДОЛБООРУ ТАЛКУУДА

Жыйындын жүрүшүндө Жобонун долбоорунун негизги аспекттери каралды, анын ичинде:
— ПМПКнын максаттары, милдеттери жана иштөө принциптери;
— ПМПКнын аймактык жана республикалык деңгээлдерин түзүү жана иштетүү тартиби;
— ведомстволор аралык консультациянын мүнөзү жана башка түзүмдөр менен өз ара аракеттенүүсү;
— адистердин курамы жана кадрларды кесиптик даярдоонун зарылдыгы;
— жолдомолорду берүү, текшерүү жана тариздөө жол-жоболору;
— баланын укуктарын коргоо жана купуялуулук принциптерин сактоо.

Катышуучулар аймактардагы ПМПКнын жеткиликтүүлүгү, процесстерди санариптештирүү, статистикалык отчёттуулукту жүргүзүү, ошондой эле баланын билим берүү багытын аныктоого катышкан эксперттик орган катары ПМПКнын ишмердигин юридикалык жактан жол-жоболоштуруу маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.

Бөлүшүү

Комментарийлер