ПРОФИЛГЕ ЧЕЙИНКИ КОМПОНЕНТ: «ИНЖЕНЕРДИК ТЕХНОЛОГИЯЛАР»
- 13.08.2026
- 0
2026-2027-окуу жылынан тартып 8-класстарда профилге чейинки даярдоонун алкагында «Инженердик технологиялар» программасы окутулат. Ага жумасына 2 саат бөлүнөт.

Маалыматка караганда, программада окуучулар программалоо, робототехника, инженердик долбоорлоо жана заманбап IT-инструменттер менен иштөөнү үйрөнүшөт. Ошондой эле күнүмдүк турмуштагы көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган практикалык тапшырмаларды аткарышат.

Окуучулар командада иштеп, өз идеяларын ишке ашыруу жана даяр долбоорду коргоо аркылуу чыгармачылык, сынчыл ой жүгүртүү жана кызматташуу көндүмдөрүн өнүктүрүшөт.
«Инженердик технологиялар» программасы жана методикалык сунуштар Кыргыз билим берүү академиясынын www.kao.kg сайтында жайгаштырылган.
Г.А., “КБ”
Бөлүшүү
Комментарийлер