ПРОФИЛДИК МЕКТЕПТЕР ҮЧҮН ОКУУЧУЛАРДЫ ЖРТГА ЖАНА ОЛИМПИАДАЛАРГА КОШУМЧА ДАЯРДОО БАШТАЛДЫ

  • 06.02.2024
  • 0

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 02.11.2023-жылкы  №5340/4  буйругунун негизинде, жалпы билим берүү мектептердин потенциалын жогорулатуу, жогорку окуу жайлар менен тыгыз  өнөктөштүктө окутуунун натыйжаларын жакшыртуу максатында 2024-жылдын 1-январына чейин К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетине бекитилген ар бир облустан бирден, жалпы жети орто мектеп менен атайын иш-чаралар өткөрүлдү.

ПРОФИЛДИК МЕКТЕПТЕР ҮЧҮН ОКУУЧУЛАРДЫ ЖРТГА ЖАНА ОЛИМПИАДАЛАРГА КОШУМЧА ДАЯРДОО БАШТАЛДЫ

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Өрүктү айылынын И.Бейшембаев атындагы орто мектебине Кыргыз улуттук агрардык университетинин гидромелиорация, экология жана жерге жайгаштыруу факультетинин деканынын орун басары, улук окутуучу К. Омурзаков барып мугалимдер жана окуучулар менен жолугушуу өткөрүп келди.

Ал эми Баткен шаарындагы И.В.Ленин атындагы орто мектебине Экономика жана менеджмент факультетинин деканы, доцент  Т. Жумалиев барып, мектеп директоруна, мугалимдерге, 11-класстын жана 9-класстын окуучуларына КУАУ жөнүндө маалымат берип, ошондой эле мектепке кандай жардам берүү керектигин талкуулап, 11-класстын окуучуларына «элементардык математиканын кээ бир элементтерин түшүнүү методикасы» темасында мастер класс саатын өтүп келди.

Ошондой эле дагы беш мектепте ушундай иш-чаралар болуп, кызматташуу тууралуу жыйындар өткөрүлдү.

ПРОФИЛДИК МЕКТЕПТЕР ҮЧҮН ОКУУЧУЛАРДЫ ЖРТГА ЖАНА ОЛИМПИАДАЛАРГА КОШУМЧА ДАЯРДОО БАШТАЛДЫ

К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети тарабынан өлкөнүнүн ар бир дубанынан тандалган профилдик орто мектептер үчүн окуучуларды олимпиадага жана  ЖРТга математика, физика, химия, биология сабактарына кошумча даярдоо боюнча 2024-жылдын 30-январынан тартып онлайн форматта сабактар уюштурулуп өтүлө баштады. Андан сыткары 2024-жылдын 30-31-январында “Колдонмо информатика жана маалыматтык технология” кафедрасынын доцентти, п.и.к. Ж.Кудайбергенова Чуй облусунда жайгашкан Сокулук районунун Нуржамал Маткасымова атындагы жалпы орто билим берүү мектебине жумушчу сапары менен барып, 6-9-класстарга информатика сабагы боюнча ЖРТга жана олимпиадаларга даярдануу ыкмаларын үйрөтүп келди.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер